Бейшеналиев: Кыргызстан ​COVID-19га каршы AstraZeneca вакцинасын тандады

  • 3 года мурун

Кыргызстанга коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы март айынын башында келет.

Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда, Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат депутат Жыргалбек Турускуловдун пандемиянын жаңы толкунуна даярдык тууралуу суроосуна жооп берип, саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди:

-Азыркы кезде биз COVAX программасына кирип, кечээ күнү кайсы вакцина келе турганын тактап алдык. Бул AstraZeneca деген вакцина келет, март айынын башында 504 миң доза келе турган болду.

Сиздер билесиздер, биринчи бизге сунуг кылынган Pfizer ден баш тартканбыз. Ошол эле COVAX программасынан AstraZeneca берди, -деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрлин милдетин аткаруучу Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну өтөкн жылдын октябрь-ноябрь-декабрында өтүп кеткенин, коронавирустун Англиядан чыккан, мутацияланган жаңы вируска даярдык көрүлүп, алгоритмдер ойлонуп табылып, иштеп, лабораториялар иштеп жатканын айтты.

Коронавируска каршы күрөш үчүн Pfizer/BioNTech вакцинасы Кыргызстанга акысыз сунушталган. Бирок кыргыз өкмөтү аны -70 градус температурада cактай турган муздаткыч жок экенин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты