​Премьер-министрликке талапкердин эки миллион сомго жакын кирешеси бар

Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы Өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырды. Бул талапкерди “Республика-Ата-Журт” фракциясы көрсөткөн. Улукбек Марипов КРнын Эсептөө палатасын жетектейт. Биздин редакция Улукбек Марипов жана анын туугандарынын декларацияда көрсөтүлгөн мүлкүн изилдеп көрдү.

Бир канча жер тилкеси жана мал-жандыгы бар

Улукбек Мариповдун 2018-жылы берген декларациясына ылайык, ага бир канча жер тилкелери, мал-жандык жана автоунаа жазылган.

Улукбек Мариповго жалпы аянты 122.7 га жети жер тилкеси, бир автоунаа, 623 миң сомго бааланган майда жандыктар жана 594 миң сомго бааланган жылкылар жазылган.

Мындан сырткары, 2018-жылындагы декларациясында Улукбек Марипов жалпы жеке кирешесин 1 млн 831 миң сом, ал эми туугандарынын кирешесин 521 миң сом деп белгилеген. Улукбек Маиповдун кирешелеринини жылдан жылга көбөйүшүн байкаса болот.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Улукбек Марипов кандайдыр-бир компанияга ээлик же жетекчилик кылбайт.

Бир тууганынын да байлыгы кем эмес

Премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповдун бир тууганы Бакытбек Мариповдун кирешеси 2018-жылы 1 млн 217 миң сом түзгөн. Ошондой эле Бакытбек Марипов туугандарынын кирешесин 140 миң сом деп көрсөткөн. Мындан сырткары, 2018-жылы Бакытбек Мариповго жалпы аянты 94.3 гектарга барабар тогуз жер тилкеси, 120. кв.метрлик бир батир, 89 кв.метрлик башка конструкциялар катталган. Муну менен бирге 1 млн 600 миң сомго бааланган ири мүйүздүү мал, 1 млн 700 миңге бааланган майда жандыктар жана бир жарым миллионго бааланган жылкылар катталган.

Бакытбек Мариповдун 2017-жылы тапшырган декларациясында жогоруда аталган мүлктөн 120 кв.метрлик батири жана Хонда Сивик үлгүсүндөгү автоунаа эле көрсөтүлгөн.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, Бакытбек Марипов Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн жетектейт.

Улукбек Мариповдун атасы Асамидин Марипов учурда Ноокаттын аймактык ооруканасын жетектейт. Буга чейин Асамидин Марипов Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат болгону белгилүү жана Кыргыз Республикасынын ардактуу дарыгери наамына ээ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты