30-апрелге чейин салык декларациясын түн ортосуна чейин тапшырууга болот   

  • 1 год мурун

Салык органдары жеке жактарга толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча иштин өзгөчө режимине өтүштү. Белгиленген графикке ылайык, 30-апрелге чейин декларациялар эртең мененки саат 9дан түн ортосуна чейин кабыл алынат.

Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Декларацияны жумуш убактысында келип берүүгө үлгүрбөгөн жеке жактар аны саат 18.00дөн кийин бере алышат.

Жеке ишкерлер болсо салык декларациясын электрондук түрдө гана тапшырышы керек.

1-майда салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт.

Кимдер салык декларациясын тапшырышы керек?

Декларацияны төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участокторунан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты