Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү
- 3 года мурун
Бүгүн, 31-мартта бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Салык органдары декларацияны түнкү саат 12:00гө чейин кабыл алышат.
Жеке адамдар декларацияны кагаз жүзүндө же электрондук түрдө, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жана жеке ишкерлер электрондук түрдө гана тапшыра алышат.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
– мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер,
– жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде иштегендер,
– салык салынуучу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн же жер участоктун (короо-жай участогунан башка) ээлери,
– юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар.
Муну бөлүшүү