Салык кызматы жеке жактар тапшырган бардык салык декларацияларын жок кылат

  • 9 месяцев мурун

Мамлекеттик салык кызматы 7-августка чейин «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык (9-июнда күчүнө кирген) жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылат.

Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Салык кызматына мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден тышкары жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган.

Ишкердик иш жүргүзбөгөн (FORM STI-100), салык салынуучу кирешеси жок (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103), мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген (FORM STI-155) жеке жактын бирдиктүү салык декларациясы, ошондой эле жеке жак үчүн салык декларациясы (FORM STI-079) жок кылынууга тийиш.

Жеке жактар тарабынан тапшырылган жогоруда көрсөтүлгөн бардык салык декларацияларын жок кылууга жогоруда аталган мыйзамга ылайык, мамлекет тарабынан кепилдик берилет.

Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата болгон активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары ж.б.) легалдаштырууну карайт.

Жеке жактардын легалдаштырылган активдери үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө каралган эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчиликтен бошотулат.

Ушул мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтөт, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартат, ушул мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоонун киргизилишине чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон активдердин сакталышын жана алардын ээлерин коргоону кепилдөөнү камсыз кылат.

Активдерди ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү – мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып кийинки 12 ай.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты