Кыргызстанда аткаминерлердин декларациясы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн жаап салууну көздөшүүдө

Бийлик коррупция менен күрөшүүнүн бир механизми – жогорку кызматтагы аткминерлердин декларациясы менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө жол бербөөнү көздөп жатат.

Президенттик администрация жогорку кызматтагы мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы менен таанышууну коомчулук үчүн такыр жаап салуу аракетин жасоодо.  

“Бул өзгөртүүлөр менен коомчулуктан жогорку жана орто звенодогу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери тууралуу маалыматтарды жашыруу аракети байкалат. Иш жүзүндө бул коррупцияны легитимдештирүү болуп саналат” деп белгиледи мыйзам долбоорун анализдеген  “Адилет” укук клиникасы.  

Муну менен гана чектелбей, дагы бир мыйзам долбоору менен президенттик администрация мурда жарыяланган (жазуу түрүндөгү жана электрондук) декларациялардын баарын өчүрүүнү чечкен.   

“Мамлекет мамлекеттик органдарга берген бардык декларацияларды (жазуу түрүндөгү жана электрондук)  расмий түрдө өчүрүү кепилдигин берет” деп жазылган мыйзам долбоорунда.

“Адилет” укук клиникасынын айтымында, бул Конституциянын мамлекеттик органдардын ачык-айкын болушу тууралуу талаптарына каршы келет.

Учурда ал мыйзам долбоорлорун ачык булактардан табууга мүмкүн эмес. Президенттик аппарат мыйзам долбоорлорун качан коомчулукка алып чыгат, али белгисиз. Эгерде мыйзам долбоорлору ушул калыбында калса, анда коррупция менен күрөшүү кыйла татаалдайт.

Декларация менен таанышуу жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге  мамлекеттик кызматкерлердин байлыгы менен бизнесин ачыкка чыгарууга, коррупцияга каршы күрөшүүгө жардам берип келе жаткан.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты