​Садыр Жапаровдун маалымат кызмат башчысы Нургазы Анаркулов кармалды

  • 3 года мурун

Өтө чоң суммадагы пара доолаганга шектүү катары Садыр Жапаровдун маалымат кызматынын башчысы кармалды.

Бл тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

“А.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, материалдык жактан баюу үчүн мамлекеттик кызматтын жетекчилигине талапкерлердин биринен маселесин оң жагына чечип берүү үчүн ири суммадагы каражат талап кылган” деп айтылат УКМК тараткан маалыматта.

Факт жазык кодексинин 326 – беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Шектүү 30-январда кармалып, атайын кызматка алып келинди.

6-октябрда бийлик алмашкандан кийин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп 30-октябрда журналист Нургазы Анаркулов дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты