​Жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземи 28-январда өтөт

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытов жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

Уюштуруу комитетинин төрагасы Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басарлары БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков. Уюштуруу комитетине башка мүчөлөр да кирди.

БШК 20-январда Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланганын расмий жарыялады. Президенттик кызмат ордуна талапкер Жапаров 1 105 248 добуш алды, бул 79,20 %, башкача айтканда, шайлоого катышкан бардык шайлоочулардын добуштарынын жарымынан көбүн түзөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты