​Садыр Жапаровдун шайлоо фондунун булагын анализдеп көрдүк

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров үгүт иштерине 40 млн сомго жакын коротуп, талапкерлердин сап башында турат. ПолитКлиника Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган Садыр Жапаровдун шайлоо фондундагы булактарды анализдеп көрдү.

47,4 млндун үчтөн бири Садыр Жапаровдун жеке каражаты

БШКнын маалыматына ылайык, 47,4 млн сомдун 15 млну, тагыраагы 31,6%ын Садыр Жапаров Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна аркылуу кошкон. Аида Төлөгөнова 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болгон.

Буркановдун иниси

“ЕВРАЗИЯ-СТРОЙ-СЕРВИС” ЖЧКсы жетекчиси Апызов Ильясбек Маманасирович аркылуу 5 млн сом кошкон. Апызов Ильясбек Маманасирович ошондой эле, «Сыйкыр Топурак» ЖЧКсынын негиздөөчүсү. Ал эми аталган компаниянын жетекчиси Бурканов Имамназар Апызович. Ошондой эле, Иьясбек Апызов Арзыбек Буркановдун иниси. Алар учурда ишин токтоткон РУСОПТТОРГ» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрү.

ЕВРАЗИЯ-СТРОЙ-СЕРВИС” ЖЧКсынын маалыматында катталган номерди Getcontact сервиси аркылуу текшерип көргөнүбүздө, бул номерди бир канча адам Ильясбек Апызовдун Арзыбек Бурканов менен байланышы бар адам катары сактаган.
















Арзыбек Бурканов — 2007-2010-жылдары “Ак-Жол” партиясынан ЖКнын депутаты болуп шайланган.

2011-жылы Камчы Көлбаев Араб Эмираттарында кармалгандан кийин, Арзыбек Бурканов Баткен облусунун губернатору болуп турган кезинде, Камчы Кольбаевдин иши боюнча жабырлануучу катары өткөн. Ал эми ошол убактагы депутаттар Садыр Жапаров жана Жаныш Кудайбергенов аталган иш боюнча күбө катары катышкан.

2013-жылы Камчы Кольбаевдин иши боюнча сот отурумунда, “Ата-Журт” фракциясынан 5-чакырылыштын депуттары Улан Чолпонбаев жана Жаныш Кудайбергенов Арзыбек Бурканов Баткен облусунун губернатору болуп дайындалгандыгын белгилөө үчүн «Дилинжер» ресторанына чакырганын айтышты. Алардын айтымында, ресторанга келгенде Көлбаев да дасторкондо отурган. Бирок, мыйзамсыз эч нерсе жасалган жок. Депутаттар тобу жана мыйзамдагы ууру жөн гана тынч кечки тамакты өткөрүштү.

Курманова Малика Зайнидиновна дагы 5 млн сомду ыктыярдуу кайрымдуулук негизинде берген. Ал «ORANGE» («ОРЭНДЖ») ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын төрагасы Зайнидин Курмановдун кызы. Атасы бул тууралуу комментарий берип кызы 40 жашка келгенин, кандай чечим кабыл алса өзү билерин айткан.

Сегиз компания катталган Зилалиевдин кеңешчиси

Дүйшөнбек Зилалиевдин кеңешчиси болгон ишкер Турганбаев Абабакир Кыштакбаевич 4 млн сом которгон. Юстиция министрлигинин реестриндеги маалыматка ылайык, ага жалпысынан сегиз компания катталган. Алар: «Триумф ЛТД», «Грант-Юг», «Кей Джи Таш», “Таш Кен Компани», «Гранит-Юг», «Ренесанс Капитал”, «Эр Строй Век», «Руно Имп Экс» ЖЧКлары.



















Турганбаев Абабакир Кыштакбаевичтин болжолдуу уулу Турганбаев Азизхан Абабакирович 2020-жылдын 4-октябрындагы парламенттик шайлоодо “Замандаш” партиясынан таалапкер болгон.

«Гранит-Юг» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп, бирок тизмеден чыккан Шатманов Самат Асылбекович — 4-октябрга дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо «Республика» саясий партиясынын ишенимдүү өкүлдөрүнүн тизмесинде болгон. Аталган компаниянын дагы бир тизмеден чыккан нигздөөчүсү Султанов Калыкбек Иманалиевич Алмазбек Атамбаев Президент болуп турган кезде президенттин кеңешчиси болгон. Жана ал негиздеген “Авангард Стиль” курулуш компаниясы Кыргызстанда белгилүү компаниялардын бири. 2017-жылы“Авангард” компаниясы куруп жаткан “Асанбай” микрорайонундагы, “Jannat Regency” отелинин жанындагы курулуш кулап кетип, жумушчулар жаракат алышкан. Ал боюнча кылмыш иши козголгон эмес. Окуяга карата мындай жумшак мамиле «Авангард Стилдин» жетекчилиги менен бийликтин ортосундагы жакшы мамиледен улам болду деген пикирлер айтылган. Ал жерде Камчы Кольбаев кармалган Авангард спорт клубу курулган.





































Кубанычбек Жумалиевдин “Таатаны”

“ХУА-ЭР” ЖЧКсы Бердалиева Гульзада Аттокуровна аркылуу 1 млн сом которгон. 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо Кострубова Вероника Бердалиева Гульзада Аттокуровна аркылуу “Мекенчил” партиясынын шайлоо фондуна 205 миң сом которгон.

“ХУА-ЭР” ЖЧКсынын компаниясынын негиздөөчүсү Хуан Цзяньхун ошондой эле “Таатан” ЖЧКсынын негиздөөчүлөр тизмесинде жана жетекчиси. Аталган жаранга жалпысынан тогуз компания катталган. Ал 2015-жылы Кыргызстандын жарандыгын алган.

Эскерте кетсек, Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев “Таатан” жана “ГОИН” соода борборлору экс-депутат Кубанычбек Жумалиевге тиешелүү экендигин айтып, ноябрдын башында аталган соода борборлорунда тинтүү жүргүзгөн. Жапыкеев буга чейин эле, “Баарыбыз чогулуп, алардын үйүнө баралы. Мисалы, Жумалиевдин үйүнө 10 миң адам келип, андан Кытайга болгон тышкы карызыбызды төлөөнү талап кылабыз. Нотариусту депутаттын квитанциясын күбөлөндүрүп бериши үчүн алып барабыз”, — деген билдирүүлөрдү тараткан.

Баяманов Эркинбек Мусалиевич дагы 1 млн сом которгон. 4-октбрда өткөн парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясынан катышкан. Ошондой эле 2015-2016-жылдары “Ата-Журт” партиясына иштегени айтылат.

«ФинансКредитБанк КАБ» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон МОМУНОВ КАНЫБЕК АКБОТОЕВИЧ, аталган банктын директорлор кеңешинин төрагасы Мумбаев Султанали Пазылидинович ар бири 500 миң сомдон которушкан.

КРнын президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармасынын бөлүм КАСЫМОВ ТАЛАНТБЕК ИДИРИСОВИЧ 360 миң сомкоторгон.

Садыр Жапаров октябрь айында BBC порталына берген маегине “Бардык коррупционерди кустурабыз” деп айткан эле.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты