​УКМК төрагасынын экс-орун басары Болот Сүйүмбаев изделүүдө

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Болот Сүйүмбаев изделүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын кызматкерлери ири өлчөмдөгү зер буюмдарын ташуучулардын контрабандасына аралашкандыгы боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Болот Сүйүмбаев ири өлчөмдө зер буюмдарынын контрабандасына тиешеси бар экендиги боюнча шектелүүдө.

Бул кылмыш ишин сотко чейинки тергөө ишинде Сүйүмбаев суракка келбей койгондуна байланыштуу ага кылмыш кодексинин 32-беренеси, кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана 223-беренеси, экономикалык контрабанда боюнча кылмышка шектүү катары сыртынан чечим чыгарылган.

Сүйүмбаевге издөө жарыяланды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты