​COVID-19: Мектеп жашындагы балдарда көп каттала баштагандыгы чын

Фейсбук социалдык тармагында мектеп жашындагы балдар арасында коронавирус учурлары көп каттала баштады деген маалымат тарай баштаган. Бул маалыматты текшерип көрдүк.




































Министрликтин маалыматы

8-декабрда бул маалыматты КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова коронавирус боюнча брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, сентябрь айындагы көрсөткүч менен азыркы көрсөткүч ортосунда чоң айырмачылык бар:

“Сентябрь айында 7ден 17 жашка чейинки балдардын арасында 48 гана учур катталган, октябрь айында ал көрсөткүч 6,5 эсеге көбөйүп, 315 учурду түзгөн. 1-декабрга карата 320 учур катталды”, — деди Айнура Акматова.

Мындан сырткары, брифингде Айнура Акматова мектепке баруу менен байланышкан бир да учур катталбагандыгын жана бардык учурлар үй шартындагы абалга байланыштуу экенин билдирген.

Экономикалык мекемелер иштеп баштады

Коронавирустан улам чыккан пандемиянын негизинде Кыргызстанда 23-марттан 10-майга чейин карантиндик абал киргизилген. Ал убакта баардык экономикалык жана социалдык мекемелер өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушкан. Карантиндик режим алынган соң, айрым социалдык-экономикалык мекемелер иштей баштаган. Бирок, бала-бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлар узактан окутуу режиминде калышкан.

Буга чейин Бишкек шаарында 1-декабрдан тарта кинотеатрлар, соода борборлорундагы фудкорттор өз ишмердүүлүгүн баштай турганы маалым болгон. Мындан сырткары, мэрия тойканаларга санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо шарты менен иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берери айтылган.

Бирок, буга чейин эле тойканалар санитардык нормаларды сактабастан өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендери белгилүү.

Ошондой эле, өлкөнүн базарлары жана коомдук транспорту ишмердүүлүгүн карантиндик режим бүткөн соң улантып башташкан.

Окуу мекемелери качан ачылат?

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, 7-декабрга карата өлкө аймагында 1843 мектеп салттуу форматтагы билим берүүгө өткөн. Ошондой эле, өлкөдө реалдуу режимде 289 мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат. Бул туралуу Республикалык штаб билдирүүдө.

Мындан сырткары, мектептерде реалдуу режимдеги окуу процесси аймактагы санитардык-эпидемиологиялык абалга жараша жүргүзүлөт:

“Окуу процессин реалдуу режимде жүргүзүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн уруксаты милдеттүү түрдө болушу керек”, — деп билдиришти Республикалык штабдан.

Реалдуу режимде окууга өтүү бир канча этап менен болуусу пландалууда. Жер-жерлердеги эпидемиологиялык кырдаалга, мектептин долбоордук кубаттуулугуна, окуучулардын иш жүзүндөгү санына, сабак өтүүчү класстардын жана башка жайлардын болушуна жараша, ар бир мектеп сунушталган окутуу варианттарынын бирин тандайт.

Мындан сырткары, буга чейин билим берүү мекемелеринин жетекчилерине, ошондой эле мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин менчигинин бардык түрлөрүнүн жана формаларынын директорлоруна жергиликтүү бийлик органдары жана аймактык мамсанэпидкөзөмөл борбору менен макулдашып, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин жандандыруу тапшырылганын Республикалык штаб билдирет. Ошондой эле, жогорку окуу жайларды салттуу форматка өтүү үчүн окуу процессин уюштуруунун деталдуу алгоритмин иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлгөн.

Бала-бакча, мектептер ачылса, вирус жайылып кетпейби?

Билим берүү мекемелердин ачылуусу менен вирус жайылуу көрсөткүчү жогорулашы мүмкүн. Бул маселе боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева ар бир жаран өз ден соолугуна жоопту экенин билдирди:

“Мектеп, бала-бакчаларды ачканда вирустун жугуу көрсөткүчү бир канча факторго көз каранды болот. Балдардын маска тагуусу, санитардык нормаларды сактоосу, класстарда отуруусунан вирусту жугузуу же жугузуп алуу көрсөткүчү көз каранды болот. Эгер жогоруда айтылган факторлор сакталса, вирустун көрсөткүчү минималдуу болот” — деди Динара Оторбаева.

Эске сала кетсек, буга чейин балдар коронавирус менен чоңдор сыяктуу эле ооруй турганы белгилүү болгон.

Жыйынтык: Жаш балдар арасында коронавирус менен ооругандардын саны салыштырмалуу көбөйдү

Сүрөт: Кактус медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты