Нааразылыктардан кийин Гуанчжоудогу коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилди

  • 1 год мурун

Кытайдын Гуанчжоу шаарында коронавирустук чектөөлөр жеңилдетилип, бир нече райондо COVID-19 вирусуна жапырт тест алуу токтотулуп, мурдараак киргизилген локдаун режимдери жоюлду.

Мунун алдында Кытайдын бир катар шаарларында, анын ичинде Гуанчжоудо нааразылык акциясына чыккан жарандар менен полициянын кагылышуулар катталган.

Дүйнөдө коронавирустун тарашы басаңдаганы менен Кытайдын бийлиги вирус чыккан аймактар менен шаарларга катаал карантин чараларын киргизип келген. Кытайдын бир катар шаарларында 26-27-ноябрь күндөрү буга каршы жапырт акциялар тутанган.

Ушул күндөрү да Кытайдын бир нече шаарларында жанп андагы университеттердин кампустарында каршылыктар уланууда. Чоң шаарлардын көчөлөрүн полиция күчөтүлгөн режимде күзөтүп жатат. Басылмалар таратып жаткан видеолордо көчөдөгү бирин-серин адамдар кармалып жатканын көрүүгө болот.

Митингге чыккандар алгач эпидемиялык чараларды жумшартууну талап кылышкан. Кийин алар Кытайдын лидери Си Цзинпиндин кызматтан кетишин талап кылып, башкаруучу Коммунисттик партиянын саясатын сынга алышкан жана өлкөдө демократиялык реформаларга баруу чакырыктарын ташташкан.

Каршылык акциялары Үрүмчү шаарында чыккан өрттөн он адам каза болгондон кийин башталды. Бул шаар үч айдан бери карантинде, анда төрт миллиондой адам жашайт. Катаал чектөөлөрдөн улам шаар тургундары жүз күндөн ашуун убакыттан бери үйүнөн чыга албай келишкен. Эшиктер бекитилгендиктен, өрт чыккан маалда жашоочулар үйүнөн чыга албай калган деп кабарланып жатат.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты