​Коронавирус менен балдар оорубайт деген маалыматты текшерип көрдүк. Фактчекинг

Фейсбук социалдык тармагында Ош шаардык клиникасынын дарыгери Талант Калыков коронавирус тууралуу видео жайгаштырган. Анда дарыгер коронавирустун жугушу жана оруунун жүрүшү тууралуу маалымат берген. Дарыгердин айтымында, ал айтып жаткан маалыматты Орусия Федерациясынын Иркутск шаарындагы профессорлор берген.

Биз видеодо айтылган маалыматтарды текшерип көрдүк.

Балдар оорубай бир гана жугузабы?

Видеодо дарыгер жаш балдар оорубайт, бирок вирусту жугузушат деп айткан. Анын айтымында, балдарда бар феталдык гемоглобин илдетке туруштук көрсөтөт.

Кытай окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык бир жашка чейинки балдар феталдык гемоглобинден улам COVID-19 илдетине туруштук көрсөтүшү мүмкүн. Алардын айтымында, феталдык гемоглобин бир жашка чейинки балдарда вирустун жайылышына тоскоолдук жаратат. Бирок, феталдык гемоглобин балдар организминде бала бир жашка толгонго чейин чоң адамдардын гемоглобинине алмашат.

АКШнын Массачусетс шаарында жайгашкан Жалпы профилдик Массачусетс ооруканасынын жана Массачусетс балдар ооруканасынын адистери биргелешкен изилдөө жүргүзүшкөн. Изилдөөгө ар кайсы социалдык катмардагы 22 жашка жете элек 192 адам катышкан. Изилдөөнүн жыйынтыктары “The Journal of Pediatrics” сайтында жайгашкан. Изилдөө учурунда адистер жаш балдар чоң адамдар сыяктуу эле коронавирус менен ооруй турганын байкашкан. Айырмачылык вирустун кесепетинен чыккан ооруларда бар экендиги айтылат. Эгер чоң адамда коронавирус көп учурда кан тамыр жана жүрөк ооруларын пайда кылса, жаш балдарда астма, жөтөл, мурундун бүтөлүшү жана дене табынын көтөрүлүшү байкалгандыгы белгиленген. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, жаш балдарда байкалган симптомдор COVID-19 илдети бар же жок экендигин татаалдаштырат. Анткени, бул симптомдор жаш балдарда көп кездешкен грипп жана суук ооруларынын симптомдоруна окшош.

Ошондой эле, бул изилдөөдө жаш балдар COVID-19 илдетин чоң адамдар сыяктуу эле жугуза турганы белгилүү болгон. Жаш балдардын вирус жугузуу потенциалы чоң адамдар менен бирдей, айрым учурда жогору экендиги байкалган.

Мындан сырткары, COVID-19 боюнча Республикалык штабы өзүнүн Телеграм-каналында билдиргендей, 1-декабрга карата 7 жаштан 17 жашка чейинки 320 бала коронавирус илдетине чалдыккан. Штабдын билдирүүсүнө ылайык, мектеп жашындагы балдар арасында сентябрь айында 48 COVID-19 учуру катталса, октябрь айында ал көрсөтүч 6,5 эсеге көбөйүп, 315 учур катталган.

Ошондой эле, башка мамлекеттерде да балдардын коронавируска чалдыккан балдардын саны жогору болгону белгиленент. Мисалы, АКШда сентябрь айына COVID-19 илдети менен күрөшүп жаткан балдардын саны 513 миңден ашканы белгилүү. Бул ооругандардын жалпы санынын 9,7%ын түзөт. Орусияда коронавирус менен ооругандардын жалпы санынан 7,6%ын балдар түзгөнү айтылган. Бул мамлекетте 8-декабрга карата ооругандардын саны 2.5 млн.дон ашкан.

«Бир үй-бүлөдө бир адам эки эле адамга жугуза алат»

Видеодо Талант Калыков бир үй-бүлөдө бир адам вирусту эки эле адамга жугуза алат деп билдирген. Анын айтымында, коронавирус менен ооруган адамдын жугузуу потенциалы эки эле адамга жетет.

Бирок, изилдөөчүлөрдүн айтымында, вирусту жугузуу потенциалы бир канча көрсөткүчтөргө көз каранды. Oxford Academic жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирустун жугуу потенциалы адамдардын COVID-19 илдети менен чогу келген ооруларга байланыштуу. Бул изилдөөгө COVID-19га чалдыккан 678 адам катышкан. Алардын көпчүлүгүнүн вирус жугузуу потенциалы жашына, ооругандыгына, тамеки чегүүсүнө, химиотерапия алып-албаганына байланыштуу экени аныкталып чыккан.

Түркиялык окумуштуулар жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, коронавирус илдетине чалдыккандардын симптомсуз адамдардын жугузуу потенциалы жогору болгон. Бул изилдөөдө 60 адамдан жалпысынан 360 анализ алынган. Аларды изилдөөдө симптомсуз бейтаптарда жугузуу потенциалы жогору экендиги белгилүү болгон.

Кытай жана Америка окумуштууларынын биргелешкен изилдөөсүндө COVID-19ду жугузуу потенциалы вирустун мутациясына жараша экендиги айтылат. SARS-CoV-2нин бир канча мутациясын бар экендиги айтылат. Алардын арасынан спайктык белоктун мутациясы (D614G) вирустун жугуу потенциалын жогорлотоору белгилүү болгон. Окумуштуулар бул мутациясы бар вирус адамга жукса, ал адамдын вирусту жогорку дем алуу системасы аркылуу жугузуу потенциалы жогору экендигин белгилешкен.

Жыйынтык: Балдар коронавирус менен оорубайт деген калп.
Коронавирус менен ооруган адамдын жугузуу потенциалы эки эле адамга жетет деген маалымат далилденген эмес. Вирус жугузуу потенциалы бир канча көрсөткүчкө байланыштуу.

Сүрөт: Интернеттен алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты