Жарандык коомдун акыркы үмүтү Конституциялык палатада. Эмне үчүн?

Баяндар

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы 2-декабрда “Реформа” саясий партиясынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү конституциялык мыйзамынын Конституциялуулугун текшерүү өтүнүчүн карайт. Ал өтүнүчтө “Реформа” саясий партиясы жогоруда аталган мыйзамдын эки беренесин колдонулушун токтото туруу мыйзамы Конституцияга каршы келет деп белгилейт.

Конституциялык палатанын чечими эмне үчүн маанилүү?

Жогорку Соттун Конституциялык палатасы конституциялык сот өндүрүшү аркылуу өз алдынча конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу жогорку сот органы болуп саналат. Азыркы Конституция боюнча бул палатага негизги үч ыйгарым укук берилген. Алардын негизинде Конституциялык палата мыйзамдарды мыйзамсыз деп таба алат жана баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө корутунду берет. Конституциялык палатанын чечимдери көмүскөдө кала албайт.

Ошондуктан Конституциялык палатанын корутундусу өлкөнүн тагдырында чоң роль ойнойт.

Бул чечим кандай жыйынтыка алып келет?

Эгер Конституциялык палата бул арызды канаатандырып, Жогорку Кеңеш тарабынан 20-октябрда үч окууда кабыл алынган мыйзам мыйзамсыз деп табылса, эки айдын ичинде Парламенттик шайлоо өтүшү керек. Мындай пикирин “Реформа” саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

“Эгер 2-декабрда Конституциялык палата биздин арзыды канааттандырса, эки айдын ичинде Жогорку Кеңешке шайлоо өтүшү керек. Бирок Жогорку Кеңештин 28-октябрдан кийин кабыл алган мыйзамдарынын мыйзамдуулугун Конституциялык палатадан кайра карап чыгуусун талап кылыш керек болот”, - деди Клара Сооронкулова.

Буга чейин Эмил Өскөнбаев жалгыз каршы чыккан

2016-жылы Конституциялык палата Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү “мыйзамдарга каршы келбейт” деген корутундусун чыгарган. Палатанын он бир сотунун арасынан он соту “өзгөртүүлөр укуктун жана демократиялык түзүлүштүн негизги принциптерине каршы келбейт” деген корутундусун билдиришкен. Бирок, Конституциялык палатанын бир мүчөсү Эмил Өскөнбаев бул өзгөртүүлөргө каршы чыккан.

Азыркы арызга Эмил Өскөнбаевдин эмне тиешеси бар?

Эмил Осконбаев 2016-жылы Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жалгыз каршы чыккан Конституциялык палатанын соту. Анда Эмил Осконбаев өзүнүн чечимин “Конституцияга өзгөртүүлөр мыйзам бузуу менен, шашылыш түрдө болуп жатат, мындай көрүнүш баш мыйзамдын туруктуулугуна алып келбейт” деп бекиткен. Ошондой эле 2016-жылы Эмил Өскөнбаев конституционализмде туруктуулук жана стабилдүүлүк маанилүү экенин айткан.

Азыр каралып жаткан арызда Эмил Өскөнбаев баяндамачы болуп дайындалган. Жарандык коом Конституциялык палатанын сотторуна, өзгөчө баяндамачыга катуу саясий басым болушу мүмкүн экендигин белгилешти.

Жарандык коом сотторду жарандык эрктүүлүк көрсөтүүгө чакырышат

Жарандык көзөмөл комитети Конституциялык палатанын сотторун жарандык эрктүүлүкө жана жогорку саясий жоопкерчилике чакыраарын билдирген. Ал билдирүүдө Конституциялык палатанын сотторун Жогорку Кеңеш 20-октябрда кабыл алган мыйзам бир гана депутаттардын ыйгарым укуктарын узартпастан, өлкөдө Конституцияны шашылыш түрдө өзгөртүүгө шарт түзүлдү деп айтылат:

Бул мыйзам менен укуктук негизсиз "Кыргыз Республикасынын Прпезидентин жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо” конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелери токтотулган. Бул көрүнүш өлкөдөгү туруктуулуктун азайышына жана мамлекекттик түзүлүштүн жок болуп кетүүсүнө алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, Конституциялык палата, Венеция комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Конституцияны жана конституциялык режимди сактоого тийиш”, - деп белгиленет Жарандык көзөмөл комитетинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле, 22-29-ноябрь күндөрү орун алган Конституциялык референдумга каршы тынчтык акциясынын катышуучулары да Конституциялык палатага үмүт арттыраарын билдиришкен:



Юристтер сунушталган Конституция долбоору артка кайтарылат деп эсептешет

Кыргызстан юристтер коомчулугу 23-ноябрда Конституциялык референдум боюнча брифинг өткөргөн. Ал брифингде Кыргызстан юристтер коомчулугунун өкүлдөрү Таттыбүбү Эргешбаева, Аяз Баетов, Сания Токтогазиева жана Сейтек Аманбаев азыр Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн ылайыктуу учур эмес экендигин, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганынын жана баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелей турган бир да легитимдүү мамлекеттик орган жок экендигин белгилешкен.

Ошондой эле, юристтер иштеп жаткан Конституция менен сунушталган долбоорду салыштырып көрүп, сунушталган редакциясында бир канча негизги бөлүктөр өзгөргөнүн айтышкан. Айрыкча, жарандардын маалымат алуу, республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүү, соттолгондун ишин кайра кароо, эл аралык уюмдарга кайрылуу укуктары каралган эмес жана өлкөгө кирип-чыгуу укуктары чектелген.

Ошондой эле, мамлекеттик башкаруу системасы өзгөрүлүп, мамлекеттин жарандар алдындагы милдеттери жазылган эмес. Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, башка башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары кыскартылган.

Анализдин толук версиясын төмөнкү шилтемелер аркылуу окуй аласыздар:

Жаңы сунушталган Коституция долбоорунун анализи;

Иштеп жаткан Конституция менен сунушталган долбоордун салыштырмалуу таблицасы

Юристтердин айтымында, бул долбоор бийликти узурпациялоого алып келип, өлкөдөгү абал туруксуздашканга жол ачат.



Эл аралык уюмдар Конституция менен шашпоого чакырат

Европа биримдигинин конституциялык укук боюнча кеңешчи тобу - Венеция комиссиясы өзүнүн корутундусунда азыркы Жогорку Кеңеш 28-октябрдан кийин бир гана өкүлчүлүк функциясын аткара ала тургандыгын жана Конституциялык референдумду демилгелөөгө ыйгарым укугу жок экендигин белгилеген.

Мындан сырткары, Новегиялык Хельсинки комитети Кыргызстанда сунушталган Конституция долбоорун сындаган. Комитет бул долбоор кабыл алынса сөз эркиндигине кысым күчөөрүн белгилеген.


Ошондой эле, АКШнын Бишкектеги элчилиги Президенттике ат салышып жаткан айрым кандидаттардын Референдум мөөнөтүн жылдыра туруу демилгесин колдойт. Бул тураалуу элчиликтин сайтында белгиленет

.