​Максат Чакиев Кыргызстанда англис тилин расмий тил кылууну сунуштады

  • 3 года мурун

Конституциялык кеңешменин бүгүнкү, 26-ноябрдагы, жыйынында кеңешме мүчөсү Максат Чакиев Кыргызстанда англис тилди расмий тил кылууну сунуштады

“Дүйнөлүк масштабда жүздөн ашуун, өзгөчө өнүккөн мамлекеттерде англис тили кеңири колдонулат. Заманбап технологияларга, дүйнөлүк процесстерге аралашалы десек протоколго англис тилин экинчи расмий тил катары киргизүүнү карап көрсүн деген тапшырманы берип койсоңуздар”.

Бул сунушка Кыргыз мамлекеттик университетинин манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев каршы чыкты:

“Бул маселени сунуш кылуунун өзү абсурд. Анда расмий тил деп кытай тилин да, англис тилин да жазалы, араб, немис тилдерин жазалы. Акылга сыйбаган жорук!” деди Мусаев.

20-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгын чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты