Юристтер коомчулугу: Конституциялык кеңешме — легитимсиз!

20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү тууралуу Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун жарлыгы чыккан.

Жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме курамы бнкитилген.

Көз карандысыз юристтер конституциялык кеңешменин түзүлүшү мыйзамсыз экенин айтышууда.

Конституциялык кеңешменин курамына киргендер:

1. Бөрүбашев Бекбосун– КРСУнун эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору, тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Конституциялык кеңештин төрагасы;

2. Керезбеков Канат – ЖК депутаты;

3. Тогусаков Осмон — Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары;

4. Абдраимов Абсалам – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эксперти;

5. Автандилова Сайкал – ИИМдин Академиясынын мамлекеттик жана укуктук дисциплиналар кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

6. Айдаров СалайдинЖК депутаты;

7. Акматалиев Абдылдажан — Улуттук илимдер академиясынын коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик;

8. Алиев Медер – көз карандысыз эксперт;

9. Алимбеков Нурбек – ЖК депутаты;

10. Алымбеков КеңешбекКыргыз экономикалык университетинин профессору, техника илимдеринин доктору;

11. Аманалиев Урмат – Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын профессору, юридика илимдеринин доктору;

12. Арабаев АвтандилЖалал-Абад мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

13. Арабаев Чолпонкул– Улуттук илимдер академиясынын саясий изилдөө жана экспертиза борборунун директору, корреспондент-мүчө;

14. Аркабаев Нооманжан– ЖК экс-депутаты;

15. Асанканов АбылабекУлуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, корреспондент-мүчө;

16. Атабеков Бөкөнбай – коомдук ишмер;

17. Ашыралиев Кемел – коомдук ишмер;

18. Баетов Батыркул – экономика илимдеринин доктору;

19. Байжиев Мар –Кыргызстандын Улуттук киноакадемиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу;

20. Байсалов ЭдилКыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчиси;

21. Бардинова Нуржан – КР тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы;

22. Бокоев Жаныбек– КУУнун профессору, юридика илиминин доктору;

23. Болтобаева Венера на – “Ларк Аналитикалык изилдөө борбору” КФнын директору;

24. Ботоева Чынара–ИИМдин Академиясынын Мамлекеттик-укуктук дисциплиналар бөлүмүнүн башчысы, юридика илимдеринин доктору, доцент;

25. Бокоев Кенжебек – Жогорку Кеңештин депутаты;

26. Жаилов ЖумабекКыргыз-Түрк “Манас”

университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору;

27. Жаманкулов Марат – юстиция министри;

28. Естебесов Адыл –Өкмөт аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

29. Жураев Абубакир –физика-математика илимдеринин доктору, профессор;

30. Жапаров Акылбек – ЖК депутаты;

31. Жапаров Турдубек –Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын доценти, экономика илимдеринин доктору;

32. Жунус уулу Адыл – ЖК депутаты;

33. Зулушев Курманкул– Башкы прокурор;

34. Ибраев Байтемир – экс-башкы прокурор;

35. Иминов Махамаджан– президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

36. Исаков Эсенгул – ЖК экс-депутаты;

37. Исмаилов Нурлан –эл аралык “Ала-Тоо” университетинин юридика кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин кандидаты, доцент;

38. Исманов ТаалайбекЭл аралык университетинин Дистанттык окутуу мультимедия институтунун доценти, юридика илимдеринин доктору;

39. Кадыралиев Алмаз – Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты;

40. Кайыпов Марат – коомдук ишмер;

41. Калиева Гүлбара – Жогорку Соттун төрагасы;

42. Карашев Аалы – ЖК депутаты;

43. Кенжебаев Байгазы – ЖК депутаты;

44. Койчуманова Чолпон – КР УИАнын Борбордук Азиядагы гуманитардык изилдөө борборунун башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор;

45. Кошалиев Кадыр – журналист, коомдук ишмер;

46. Курманкожоев Улугбек Россиянын Эл достугу университетинин юриспруденция магистри;

47. Курманов Данияр –Жогорку Кеңештин Аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

48. Кыдыралиев Сыргак –БААУнун доценти, физика-математика илимдеринин кандидаты;

49. Кыдыралиев Умбеталы – ЖК депутаты;

50. Летова Ирина – көз карандысыз эксперт;

51. Малабаев Болот –КУУнун юридикалык факультетинин докторанты;

52. Мамасаидов Алимардонбекадвокат, юридика илимдеринин кандидаты;

53. Маматалиев Марлен – ЖК депутаты;

54. Маматкеримова Гүлмиракөз карандысыз эксперт;

55. Мамытов Токон – Омбудсмен (Акыйкатчы);

56. Молдобекова ГүлканЖК депутаты;

57. Мукасов Ысманалы –Улуттук илимдер академиясынын Улуттук жана чет өлкөлүк философия бөлүмүнүн башчысы, корреспондент мүчө;

58. Мураталиев Мелис – “Бакдөөлөт” фондунун жетекчиси;

59. Мусаев Сыртбай – филология илимдеринин доктору, профессор;

60. Мотуев Нурдин– журналист, коомдук ишмер;

61. Нурматов Темирбек –Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

62. Өмүрзаков Аманбай – “Фонд Регистр” ЖЧКсынын башкы директору;

63. Орозбаев Бектурган – Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бирлигинин директорунун орун басары;

64. Осмоналиев Каныбек – физика-математика илимдеринин доктору;

65. Примов Улан – ЖК депутаты;

66. Райымкулов Бактыбек – ЖК депутаты;

67. Райымкулов Билим–адвокаттар ассоциациясынын адвокаттар кеңешинин төрагасы;

68. Салиев БахтиярЖергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору;

69. Саралаев Нур–Улуттук илимдер академиясынын философия, укук жана коомдук-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору;

70. Сарыбаев Асанбек – коомдук ишмер;

71. Сманалиев Кынат – КУУнун юридикалык факультетинин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор;

72. Сооданбеков Жумагул – коомдук ишмер, академик;

73. Сыдыгалиев Нурбек – ЖК депутаты;

74. Сыдыкова Лейла – КРСУнун проректору, юридика илимдеринин доктору;

75. Сырдыбаев Нурлан – ЖК депутаты;

76. Токсонбаев Болот – Кыргыз экономикалык университетинин доценти, экономика илимдеринин доктору;

77. Токтобаев Болот– КУУнун мамлекет жана укук теориясы жана тарыхы кафедрасынын башчысы, юридика илимдеринин доктору;

78. Торалиев Садирдин – коомдук ишмер;

79. Турсунбаева Назира –КРСУнун эл аралык жана конституциялык укук кафедрасынын доценти, юридика илимдеринин кандидаты;

80. Турсунбек Акун – экс-омбудсмен

81. Турусбеков Бактыбек – ЖК депутаты;

82. Турускулов Жыргалбек– ЖК депутаты ;

83. Чакиев МаксатКУУнун ардактуу профессору;

84. Шайымбетов Казыбек экс-депутат;

85. Шамшиев Улан – көз карандысыз эксперт;

86. Шерипов НурланЮридика илимдеринин доктору, профессор,конституционалист;

87. Эргешов ЗайырбекДин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экс-директору;

88. Эсеналиев Эркин Ш– коомдук ишмер;

89. Юсуров Абдумажит – ЖК депутаты.

Сания Токтогазиева:“Конституциялык кеңешме легитимсиз!”

Юридика илимдеринин доктору, конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева 20-ноябрда түзүлгөн конституциялык кеңешмелегитимсиз экенин билдирди.

— Бул орган мыйзамсыз жана Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамыов тарабынан мыйзамсыз түзүлгөн. Мамытов Президенттин милдетин убакытлуу аткарып жаткан адам катары Конституциялык кеңешме түзүүгө укугу жок.

Президенттин, андан дагы Президенттин милдетин аткаруучунун ыйгарым укуктары бар. Конституция боюнча ал конституциялык реформанын демилгечиси боло албайт.

Конституциянын 114-беренеси боюнча Президент конституциялык толуктоолордун демилгечиси боло албайт, Президенттин милдетин аткаруучу андан бетер!

Мамытовдун конституциялык кеңешме түзүү тууралуу жарлыгы иыйзамсыз жана Конституцияга каршы келет. Ошондой эле конституциялык кеңешме да мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келет, -деди Сания Токтогазиева.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

114-беренесинде:

Мындай жазылган:

1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн..

3. Жогорку Кеңеш ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамды ал Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 ай аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин демилгеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам референдумга чыгарылышы мүмкүн.

4. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынат.

5. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кабыл алынган мыйзамга Президент кол коюуга тийиш, деп жазылган.

Бирок Кыргызстан юристтер жамаатынын айтымында, Жогорку Ке-ештин алтынчы чакырылышы Конституцияны өзгөртүү киргизүү укугуна ээ эмес.

Кыргызстандын юристтер жамааты Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбооруна анализ жасашкан.

Конституциялык реформа эмне үчүн мыйзамсыз жана легитимсиз?

— Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугуна ээ эмес, анткени конституциялык иштөө мөөнөтү аяктаган. КР Конституциясынын 114-беренесине ылайык премьер-министр да, президент да Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт. Конституцияны реформалоо демилгеси Жогорку Кеңешке гана таандык.

Азыркы 6-чакырылыштагы ЖКнын мыйзамдуу жана мыйзамдуу өзгөртүү киргизүүгө же референдум дайындоого укугу барбы? — ЖОК.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык ЖК туура беш жылдык мөөнөткө шайланат. 6-чакырылыштын кызмат мөөнөтү 2020-жылдын 28-октябрында аяктаган.

Ошол эле учурда, Конституциянын 71-беренеси боюнча ЖКнын биринчи жыйыны болгон күндөн тартып мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары токтотулат.

2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоонун жыйынтыктары БШК мыйзамсыз деп тапкандыгына байланыштуу, азыр жаңы парламенттик чакырылыш жок.

6-чакырылыш бийликтин вакуумунун алдын алуу үчүн ишин улантууга аргасыз. Бирок, бул чакырылыштын мындан ары конституциялык референдум сыяктуу фундаменталдык, өзгөчө чараларды кабыл алууга укугу жок. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү ЖКнын 7-чакырылышы гана өткөрө алат.

Иш жүзүндө Конституцияны өзгөртүү эмес, алмаштыруу болуп жатат жана Конституциянын долбоорун коомго жана өлкөгө жасалма «таңуулоо» болууда, -деп билдирди Кыргызстандын юристтер жамааты.

Каныбек Иманалиев: “Конституциялык кеңешменин курамына аймактагылар кирбей калган”

-Президенттин милдетин аткаруучу Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт, конституциялык кеңешме чакырууга укугу жок.

-Конституциялык кеңешменин курамына негизинен шаардыктар кирип калыптыр. Ал эми региондун өкүлдөрү, Ош, Жалал-Абад, Каракол,

Талас ж.б. университеттеринин окумуштуулары кайда?

Азыр референдум өткөрө турган маал эмес, легитимдүү Президент, парламент шайланып келгенден кийин, кеминде алты айдан кийин өткөрүлүшү керек. Азыр жарандык диалог керек, — деди Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.

Турсунбек Акун: «Конституция долбооруна каршы болгондорду да конституциялык кеңешме курамына киргизели»

Конституциялык кеңешменин мүчөсү Турсунбек Акун Конституциялык кеңешменин курамына ага каршы чыккандарды да киргизүү сунушун конституциялык кеңешменин 23-ноябрдагы жыйынында билдирди.

-Конституциялык кеңешменин курамына Конституцияга каршы чыгып жаткан Өмүрбек Текебаевди, Роза Отунбаеваны жана башка эксперттерди киргизели. Монологдон кетип, конструктивдүү диалогго келели, — деди Турсунбек Акун.

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлдү.

«ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты