Сания Токтогазиева: «ЖКнын алтынчы чакырылышы легитимсиз. Алар Конституциялык реформаны толугу менен жасай албайт» (ВИДЕО)

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева «ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүндө Конституциялык реформа боюнча ой пикирин билдирди. Интервью Конституция долбоору коомдук талкууга чыгарылар алдында алынганын эскерте кетели.

Сания Токтогазиеванын айтымында, Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы легитимсиз. Анткени алардын ыйгарым укуктары расмий түрдө 28-октябрда аяктаган. 28-октябрдан кийин, Конституциянын 70-беренесине ылайык, 5 жылдык мөөнөткө гана шайланат. Бирок 71-беренеде, мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары жаңы чакырылыштын депутаттары келгенден кийин токтотулат деп жазылган. Бизде 4-октябррдан кийин шайлоо жыйынтыктары жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, азыркы 6-чакырылыштын депутаттары бийликтин ваакумуна жол бербөө үчүн гана ишин улантууга аргасыз болууда.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы легитимсиз болгондуктан, Конституциялык реформаны толугу менен жасай албайт.

Экинчиден, Баш мыйзамды иш жүзүндө толугу менен алмаштыруу болуп жатат. Бизде 114-беренеде Конституцияны өзгөртүүгө гана укук берилгоен.

Кененирээк видеодо:


Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы Конституциянын долбоорун 17-ноябрь түнү коомдук талкууга алып чыгып, ал коомчулуктун сынына кабылды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты