Президенттин милдетин аткаруу Талант Мамытовго өттү

  • 3 года мурун

Садыр Жапаров Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө жана Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугун өткөрүп бергендигине байланыштуу, Конституцияга ылайык, өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укугу Жогорку Кеңеш төрагасы Талант Мамытовго өттү.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарып келген.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты