​Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди

  • 3 года мурун

Президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөткөндүгүнө байланыштуу Садыр Жапаров өлкө Президентинин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди.

«Өлкө Президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, Премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим.

Мындан ары Президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат» деди ал.

Ошондой эле Жапаров элге кайрылуусунда алдыдагы иштерге токтолду.

1. Элдин талабын аткаруу максатында конституциялык реформалар даярдалууда.

Жакынкы күндөрү Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна берилет.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат.

Жаңы Конституциянын долбоору эл тарабынан колдоого ээ болсо, өлкөдө башкаруунун жаңы системасы түзүлөт.

2. Келерки парламенттик шайлоолорду конституциялык реформалар аяктагандан кийин, 2021-жылдын жаз айларында өткөрүү болжолдонууда.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш тийиштүү мыйзам кабыл алып, мен ага кол койгом.

3. Борбордук шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурдагы Президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.

Өлкө Президентинин ыйгарым укуктарын мыйзам чегинде тапшырып берип, Премьер-министр катары ыйгарым укуктарымды токтотуп, президенттик шайлоого катардагы жаран катары катышайын деп чечтим.

Мындан ары Президенттин милдетин баш мыйзамга ылайык Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат, -деди ал.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты