Армен Жигарханян дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

86 жаш курагында СССРдин эл артисти Армен Жигарханян дүйнөдөн өттү.

Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди.

Армен Джигарханян 1935-жылы 3-апрелде Ереван шаарында туулган.

1969-жылы Маяковский атындагы Москва драма театрына тапшырып, 27 жыл эмгектенип, бир катар ролдорду аткарган.

1996-жылы Жигарханян өзүнүн театрын негиздеген. Анда көркөм жетекчи болуп иштеп, “Крэллдин акыркы тасмасы”. “12-түн”, “Үйгө кайтуу” ж.б. спектаклдеринде ойногон.

Армен Жигарханян кино көрөрмандарына “Кармалбаган өч алуучу” (“Неуловимые мстители”) , “Саламатсызбы, мен сиздин таежеңизмин”, (“Здавствуйте, я ваша тетя”), “Чөптөгү ит”, (“Собака на сене”) , “Кездешчү жер өзгөртүлбөйт” (“Место встречи изменить нельзя”) фильмдердеги ж.б. ролдору менен белгилүү.

Айылуу артист жана театр жетекчисин акыркы сапарга узатуу 17-ноябрда Москва шаарында өтөрү айтылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты