​Маариф VS Cапат. Эрдоган менен Гюлендин тирешиндеги Кыргызстан

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Түркиялык “Маариф” фондунун ортосунда Кыргызстанда жеке окуу жайларды ачуу боюнча келишимге кол коюлган. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

“Маариф” фондун Эрдоган негиздеген

ТИМдин маалыматына ылайык, Маариф фонду — түрк тилдүү бирикме, ал билим берүү жана маданий борборлорун жана билим берүү мекемелерин — бала бакчалардан баштап, университеттерге чейин башкара алат. Бүгүнкү күндө Maarif Foundation аркылуу билим берүү дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүндө жүргүзүлөт.

“Маариф” фонду билим берүү, билим берүү тармагын колдоо, билим берүү тармагын чагылдырган ЖМКларды негиздөө иштерин жүргүзөөрү фонддун сайтында айтылган.

“Маариф” фонду 2016-жылдын 17-июнунда Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын колдоосунда түзүлгөнү маалымдалат. Эрдогандын айтымында, “Маариф” фонду “Билим берүү жаатындагы өлкөбүздүн бай тажрыйбасын досторубуз менен бөлүшүп, жаштарга аны жеткирүү миссиясын аткарууда абдан маанилүү роль ойнойт”. Ошондой эле, Эрдоган улуттук билим берүүнүн ролун аныктаган:

Чындыгында, 250 жарандын шейит болушуна жана 2 миң 193 адамдын жаракат алышына себеп болгон 15-июлдагы төңкөрүш аракети, жалпы адамзаттык баалуулуктарды сиңирген, суроого ачык, ата-мекендик жана улуттук билим берүү тутумунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу көрсөттү”, — деген Режеп Эрдоган “Маариф” фондун негиздөөдө.

“Маарифтин” аброю шек жаратат

Бирок, Түркиянын айрым саясатчылары жана журналисттери “Маариф” фонду Фетхуллах Гюлен негиздеген “Себат” мектептерине каршы туруу максатында түзүлгөнү айтылып жатат. Айрыкча, түркиялык журналист Абдулла Бозкүрт “Азаттыкка” берген маегинде “Маариф” фондунун мугалимдеринин байланыштары жана Эрдогандын каалоосу кооптондураарын айткан.

Анын айтымында, “Маариф” фондунун айрым мугалимдери исламисттик топтор менен байланышы бар:

“Эгер бул фонддун башкаруучуларынын, айрым мугалимдеринин профилдерин карасаңыз, алардын исламдык топтор менен байланышы бар экенин көрсө болот. Айрымдары ислам-джихадисттик топторго жардам берген “Адам укуктары жана эркиндиги, Гуманитардык жардам” уюмуна тиешеси бар. Бул уюм Сириядагы “Аль-Каидага” жардам берип келет. Мындай адамдардын “Маарифте” болушу кооптондурат”.

Мындан сырткары, Абдулла Бозкүрт Эрдоган “Маариф” фондун өз кызыкчылыгы үчүн түзгөнүн белгилеген:

Фонд Түркиянын сыртындагы жаштарды исламдын идеологиясын алдыга сүрөөдө колдонуп жатат. Африкалык жана башка өлкөлөрдүн “Маарифтен” окуп чыккан студенттери Эрдоганды бардык мусулмандардын лидери жана коргоочусу дешкен. Ошондой эле, Африкалык студенттер Түркиянын аскерлерин Сириянын Африн провинциясына киришин колдоп, бул аскер операциясын исламдык джихад деп мүнөздөшкөн.”, — деп белгилейт түркиялык журналист.

Муну менен бирге Абдулла Бозкүрт “Маариф” фонду түзгөн келишимдер кагаз бетинде гана калаарын белгилеп, Кыргызстанда да ошондой болушу мүмкүн экенин айткан.

Эрдоган менен Гюлендин тиреши

Фетхуллах Гюлен мурун Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдогандын тарапташы болгон. Бирок, экөөнүн ортосундагы мамиле 2013-жылы Гюлен Түрк өкмөтүнө митингдерди баскандыгы үчүн сын айткандан баштап сууй баштаган. 2016-жылы Эрдоган “Хизмет” кыймылынын жана “Себат” мектептеринин негиздөөчүсү Гюленди Түркияда ишке ашпай калган аскердик көңтөрүлүш уюштурду деп айыптаган. Анкара АКШдан Пенсильванияда жүргөн Гюленди берүүгө талап койгон.

“Маариф” негизги максаты “Себатты” кол алдына алуубу?

“Маариф” фондунун жетекчиси Бирол Акгүн “Daily Sabah” түркиялык гезитине 2017-жылы берген маегинде “Маариф” фондунун максаттары тууралу айткан. Ал “Маариф” фонду 5 жыл ичинде бир гана “гюлендик” мектептерди жабуу, террористтик коркунучтарды жок кылуу эле эмес, Түркиянын баалулуктарын бекемдөө жана дүйнөлүк аренадагы ордун бекемдөө экенин айткан.

Бирол Акгүндүн айтымында, “Маариф” FETÖ (FETÖ — Түрк өкмөтүнүн айтымында, Фейтхуллах Гюленге тиешелүү террористтик уюмдар — ред) мектептерине каршы турчу уюм катары түзүлгөн:

Командаларыбызды түзүп, иштей баштадык. Эң негизгиси, FETÖ менен күрөшүүдө биз маанилүүбүз. Азыр элчиликтер бул мектептерди көзөмөлгө алуу боюнча иштерди алып бара жатат. Түркиянын достук мамиледе болгон өнөктөштөрү бул мектепдерди же басып алышты же бизге өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүп жатышат. Эгер мамлекет ал мектептерди берүүдөн баш тартса, аларды сатып жиберүүгө туура келет. Бирок алар мындан ары түрк мектеби деп айтылбайт”, — деп билдирген Бирол Акгүн.

Аны менен бирге, Бирол Акгүн FETÖ Түрк мамлекетиндеги бийлик менен чырмашкан террористтик уюм экенин белгилеп, ал мектептерди мамлекет көзөмөлүнө алыш керек экенин айткан:

FETÖ — Түркиянын мамлекеттүүлүгүнө шек жаратуучу уюм. Ошондуктан аларды биз өз көзөмөлүбүзгө алышыбыз керек. Эгер ал мүмкүн болбосо, аларды жаптырып, ордууна башка мектептерди ачышыбыз керек. Бул негизги максаттардын бири. Ошондой эле, мамлекеттин алдында түзүлгөн биздин фонд Түркиянын маданиятын, баалуулуктарын дүйнөгө таратуу максатын көздөп жатат”, — деген Бирол Акгүн.

Ошондой эле, Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган Фейтхуллах Гюлен негиздеген мектептер коркунуч жаратаарын белгилеп келет.

Кантип “Себат” “Сапат” болуп калган

2017-жылы Түркия Республикасынын Өкмөт башчысы Биналь Йылдырым “Себат” мектептерини ордун “Маариф” мектептери менен өнөктөшүүнү сунуштаган. Ал учурда кыргыз тарап муну Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийилигишүү катары кабыл алган.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын мурунку Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы “Себат” мектептери “Сапат” деп аталганын белгилеген.

Алмазбек Атамбаев “Себат” мектептеринде жакшы билим берилээрин белгилеп, кыргыз тарап аларды жабуудан баш тартканын айткан. Мындан сырткары, Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Сапат” мектептеринде 35 пайыз үлүшү бар экенин билдирген.

Эскерте кетсек, “Сапат” мектептери Кыргызстандагы өз ишмердүүлүгүн 1993-жылдан тарта жүргүзө баштаган. Анын катарында 16 лицей, төрт баштапкы мектеп жана бир университет бар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты