Садыр Жапаров: «Чек арабыз чечилген күн да келет»

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров чек ара чырында жабыркаган Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы планы түзүлүп, жарактан чыккан үйлөрдүн ордуна жаңылары салынып, толук пайдаланууга берилгенин билдирди.

“Каргашалуу окуялардан кийин калыбына келтирүү иш-чараларынын алкагында Баткен районунун Капчыгай, Достук айылдарынын башкы пландары түзүлүп, кыйраган, жараксыз абалга келген тамдардын орднуа заманбап шарты менен үйлөр курулуп, ээлерине тапшырылды” деди Садыр Жапаров.

“Чек араны делитиациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия да тынымсыз иштеп жатат. Буюрса чек арабыз чечилген күн да келет. Эң негизгиси биздин эгемен өлкөбүз бар, калыстыкты туу туткан элибиз бар, тамыры тереңде жаткан тарыхыбыз бар”  

Президент Садыр Жапаров бүгүн Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.

“Бүгүн биз эки айылдан сырткары, жалпы Баткен облусу боюнча 30дай социалдык объектинин ачылышын жасаганы турабыз”деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Анын ичинде сегиз мектеп, төрт балдар бакчасы, төрт ФАП, жалпы дарыгерлер борбору, УКМК башкармалыгынын имараты, спорт зал, музей, он бир скважина, эки тигүү цехи, ирригациялык обүект жана курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана ачылып, пайдаланууга берилгени жатканын айтты.  

Ал Баткен облусун өнүктүрүүгө республикалык бюджет эсебинен жылына 500 млн. сом акча каражатын бөлүү каралганын айтып өттү. Учурда 500 млн. сом Баткен облусунун эсебине толук которулуп берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты