Кара-Суунун Керме-Тоо айылында 225 орундуу мектеп ачылды

  • 5 месяцев мурун

Ош облусунун Кара-Суу районунун Керме-Тоо айылында 225 орундуу мектеп ачылды.

Мектептин ачылышына катышкан Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров элеттиктерди заманбап мектептин имаратынын ачылышы менен куттуктады:

 “Ушул мектептин курулушу титулга кирип жатканда адистердин айтканы эсимде: “тамчы тамып жатат, электр зымдары чирип калган, айла жоктон окуп жатышат, балдардын өмүрүнө абдан кооптуу, өтө авариялык абалда” деп чырылдап айтышкандары эсимде. Бүгүн мына жаркырап эки кабаттуу болуп заманбап мектепке айланып отурат” деди Акылбек Жапаров.

225 орундуу заманбап чоң мектепти курууга республикалык бюджеттен 83 млн сом жумшалып, бардык шарттары түзүлүп, анын ичинде спорт зал, 75 орундуу залы, ашканасы менен кошо кыздар үчүн кийим тигүүчү машиналар, балдар үчүн кол эмгек сабагынан станоктор орнотулганын белгилеп, эми балдардын билим сапатына катуу көңүл буруу зарылчыгына токтолду. 

“Мектептин жаңы имараты гана эмес, бизге мектептин Чыңгыз Айтматов айткандай, “Таланттуу мугалим менен таланттуу балдардын кездешкен жери – мектеп” болгону абдан маанилүү” деди Акылбек Жапаров.

Сүрөт: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты