Чыңгыз Айдарбеков Президенттин кеңешчиси болуп дайындалды
- 4 года мурун
Чыңгыз Айдарбеков Президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп дайындалды.
Жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 22-октябрда кол койду.
Чыңгыз Айдарбеков буг чейин тышкы иштер министри болуп иштеп келген жана октябрь окуяларынан кийин кызматтан алынган.
Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.
2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.