​КРнын саясий партиялары менен жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоону таза жана акыйкат өткөрүү маселесин талкуулашууда

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын Жарандык көзөмөл комитети Кыргыз Республикасынын саясий партиялары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда «Өлкөдөгү туруктуулуктун башкы кепилдиги — таза жана акыйкат шайлоо» — деген темада Улуттук диалог өткөрүп жатат.

Бул иш-чарада, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, алдыдагы шайлоо алдындагы, шайлоо жана шайлоодон кийинки мезгилдерде коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашууда.

Тегерек столго бизнес коомчулугунун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да байкоочу катары чакырылган.

Диалогко катышып жаткан экс-президент Роза Отунбаева күч колдонбой, шайлоону таза өткөрүп алуу маселесин айтат:

“Биздин Кыргызстанда күч эле иштейт, күчтөн башка эч нерсе иштебей калды. Биз шайлоого даярдыкты жигердүү жүргүзүп, шайлоону таза өткөрүүгө аракет жасайлы”.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты