​Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады

Премьер-министр Садыр Жапаров Бишкекте Эски аянтта чогулган тарапташтарына Президенттин милдетин аткаруучу болгонун жарыялады.

Садыр Жапаров: «Мен жалпыңарды куттуктайм. Бүгүн баары өз ордуна келди. Президент отставкага кетти, парламенттин спикери Канат Исаев Президенттин милдетин аткаруудан баш тартты. Эми премьер-министрдин жана Президенттин милдети мага өттү. Мен сиздердин ишенимиңиздерге ыраазымын»деп билдирди.

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кеткенин жарыялаган эле. Конституция боюнча Президенттин милдети Жлгорку Кеңештин төрагасына, ал милдетин аткара албай калган учурда Премьер-министрдин колуна өтөт

Бүгүн, 15-октябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты