​Президенттин милдетин ким аткарат? Конституция боюнча

  • 4 года мурун

Конституцияга ылайык, жаңы Президент шайланганга чейин анын милдетин Жогорку Кенештин спикери, ал болбосо Өкмөт башчысы аткарат. Бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-беренесинде көрсөтүлгөн.

68-берене:

1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарат. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премьер-министр же Премьер-министрдин милдетин аткаруучу адам аткарат.

Мөөнөтүнөн мурда Президентти шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлөт.

2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдары Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоого, Өкмөттү кызматтан кетирүүгө, мөөнөтүнөн мурда Президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок.

Ошондой эле, Конституцияда мурдагы Президенттин наамы жөнүндө толук жазылган:

69-берене:

  1. Конституциянын 67-беренесинде белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка бардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.

2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

67-берене:

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Эске сала кетсек, 15-октябрда, Сооронбай Жээнбеков өз каалоосу менен Президенттик кызматтан кетүүсүн билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты