​Жарандар мыйзамдуулукту жана Конституциялык тартипти сактоо боюнча кайрылуу жасашты

Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстанда Конституциялык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча кыргызстандыктарга, Президентке, Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жасашты.

Анда мындай талаптар коюлган:

1. Коопсуздук органдарын жана аскер кызматкерлерин өлкөдө конституциялык укуктарды сактоого, мыйзамдуулукту камсыздоого, саясий партиялардын, жарандык активисттердин өкүлдөрүн жана журналисттерди куугунтукка албоого жана күч колдонбоого чакырабыз.

2. Жогорку Кеңешке 4-октябрдагы акыйкатсыз шайлоодон улам келип чыккан саясий жана коомдук араздашууну басаңдатыш үчүн:

  • -Парламентке өтүү босогосун 3% га чейин төмөндөтүү;
  • -шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго чейин төмөндөтүү;
  • -добуштарды мыйзамсыз пайдаланууга алып келген “форма-2” тартибин өзгөртүү;
  • -административдик ресурсту, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматынан кыянат пайдаланууну четке кагуу, эгер партиялык тизмеге кирип, шайлоого катышса, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра кызматына келбегидей шартка милдеттендирүү керек;

Биз, Кыргыз Республикасынын жарандары, Борбордук шайлоо комиссиясынын Жогорку Кеңешке жолдогон сунуштарын толугу менен колдойбуз, саясий жана коомдук толкундоолор кайра кайталанбашы үчүн мыйзамга андай өзгөрүүлөр токтоосуз кабыл алынышы керек деп эсептейбиз.

3. Биз өкмөттү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди саясаттан тышкары болууга, жарандар үчүн ачык иштеп, отчет берип турууга чакырабыз.

4. Саясий партияларды, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана ишкерлерди биригүүгө жана Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого чакырабыз;

5. Биз ар бир кыргызстандыкты, эгемен жана эркин өлкөнүн жарандарын, бийлик ээси болууга, эркиндикке шек келтирбөөгө, өз укуктары жана эркиндиги үчүн күрөшүүгө, Конституцияны коргоого чакырабыз. Биз-өлкөдөгү бийлик булагыбыз!

Көбү добуштарды сатып жүргөнүн моюндарына алышы керек, бул учурда балдарыбыз аянттарда жаркын келечек укугун коргоп жүрүштү. Көбү атылган октун, ташбараңдын ичинде калып, колу, бутунан айрылды, Үмүт аттуу уланыбыз окко учту. Анын өлүмү — ар бирибиздин абийирибизде!

Биз ар бир кыргызстандыкка кайрылабыз, өлкөбүздүн эркиндигин, Конституцияны, эркин жашоону, балдарыбыздын жаркын келечегин коргойлу!

Петиция демилгечилери:

Чолпон Жакупова

Каликова Гүлнара

Бурул Макенбаева

Гүлнара Журабаева

Усупбекова Айнура

Сания Токтогазиева

Эргешбаева Таттыбүбү

Аманалиев Данияр

Баетов Аяз

Бул кайрылууга кол коюуга чакырабыз, -деп айтылат кайрылууда.

https://docs.google.com/…/1FAIpQLSdI1w8i…/viewform

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты