​Аида Касымалиева: “ЖК кайра жаңы жыйынга чогулуу үчүн консультациялар жүрүп жатат”

  • 3 года мурун

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи вице-спикери Касымалиева расмий билдирүү таратты. Ал билдирүүсүндө 10-октябрда ЖК жыйыны мыйзамсыз өткөнүн айтат.

«Кечээ, 2020-жылдын 10-октябрында мамлекеттик резиденцияда өткөн депутаттардын жыйыны, Конституцияда талап кылынган кворумдун жоктугуна жана аны өткөрүү шарттарына байланыштуу, расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйыны деп таанылышы мүмкүн эмес.

Демек, кабыл алынды деген чечимдердин бардыгы юридикалык жактан мыйзамсыз жана легитимсиз.

Эгерде кимдир бирөө бул документтерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий токтомдору катары кол койсо, анда бул аракеттер бийликти басып алууга жасалган кол салуунун тиешелүү квалификациясына кирет.

Ошентип, Садыр Жапаровду дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайлангандыгы Жогорку Кеңештин расмий документтери менен тастыкталган жок жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгы менен бекитүүгө жиберилген эмес.

Садыр Жапаров кабыл алган бардык чечимдер, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри катары юридикалык күчкө ээ эмес.

А.Б.Баатырбеков Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу кызматын улантууда.
Мен расмий түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык мүчөлөрүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантууга чакырам.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын күнүн жана ордун белгилөө боюнча консультациялар жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастан Жумабеков отставкага кетсе, Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары көпчүлүктүн коалициясынан шайланган Жогорку Кеңештин биринчи вице-спикери катары мага өтөт.

Мен Кыргыз Республикасынын бардык саясий күчтөрүнө жана жарандарына кайрылып, эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоого, ошондой эле зомбулуктун күчөп кетишине жана элге каршы элементтер тарабынан ар кандай чагымчылдыкка жол бербөөгө, жакынкы күндөрү митингдерди өткөрүүдөн алыс болууга жана 5-октябрдагы белгилүү окуяларга байланыштуу ЖКнын расмий сайты азыр иштебей жаткандыгына байланыштуу бул билдирүүнү Facebook аркылуу таркатам»? — деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ, 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп, анда Садыр Жапаровду премьер-министрликке шайлашкан.

Анда, Аида Касымалиева буга чейин депутат Урмат Самаев тарабынан коркутууга кабылганын айтат:

“Мени Урмат Самаев коркуткан. Урмат, мен сенден жана баары атын айткандан коркуп жаткан сенин шефиңден коркпойм. Ушул кезге чейин коомдук транспортко түшөм, жалгыз жүрөм. Эгер менин үй-бүлөм жана кызым бирдеме болсо, бул жакка баарын жаздым”.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты