​Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизилет

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-октябрда, Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду.

Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында токтом кабыл алынды.

Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрынын саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 21-октябрына саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалды. Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлдү.

«Ошондой эле көрсөтүлгөн сааттар аралыгында коменданттык убакыт киргизилип, шаарга сырттан жарандардын кириши менен чыгышына өзгөчө режим киргизилет. Айрым жарандарга өздөрүнүн үйүнөн чыгууга тыюу салынат. Мамлекеттик маанилүү жана стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчөтүлөт.

Спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат.

Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Кызматкерлердин иштен өз каалоосу менен бошонушуна тыюу салынат. Өзгөчө абал киргизилген аймакта кырдаалдын олку-солку болушуна негиз түзгөн массалык маалымат каражаттарына көзөмөл кылынат. Байланыш каражаттарын пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет. Бишкек шаарынын комендантына шаардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чара көрүү тапшырылды.

ИИМ, УКМК, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен бирге шаардын комендантына тынчтыкты сактоого көмөктөшүүгө милдеттендирилди. Башкы штаб Бишкек шаарынын аймагындагы блокпостторду аскер кызматкерлери жана техникасы менен камсыз кылып, куралдуу кагылышуулардын алдын алуу милдети коюлду.

Жогорку сотко жарандык, кылмыш, админстративдик иштерди кароонун аймактык тиешелүүлүгүн өзгөчө абал учурунда өзгөртүү тапшырылды. Башкы прокуратура мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылат. Кыргыз өкмөтүнө өзгөчө абал режимин камсыздоого керектүү каражаттарды бөлүү милдеттендирилди. Массалык маалымат каражаттары кырдаалды курчутпоо максатында комендант тарабынан берилген маалыматтарды таратууга тийиш» деп жазылган токтомдо.

Жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон

Эскерте кетсек, “Өзгөчө абал” тууралуу Конституциялык мыйзамдын 4-беренесине ылайык, жарандардын коопсуздугун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Президенти өзгөчө абал киргизиле тургандыгы тууралуу эскертет.

Ал эми аталган мыйзамдын 8-беренесине ылайык, айрым жерлерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу эскертпей эле киргизет жана бул тууралуу Жогорку Кеңешке токтоосуз, ошол эле күнү билдирет.

Аталганг мыйзамдын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңеш өзүнүн токтому менен үч күндүн ичинде айрым жерде өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты бекитиши же четке кагышы керек.

Жээнбековдун өлкө мыйзамдуу жолго түшкөндөн кийин президенттик кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирген кайрылуусу 9-октябрга караган түнү президенттин сайтына жарыяланды.

4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты