​Төрт партия Өмүрбек Бабановду премьер-министрликке сунуштады

  • 4 года мурун

“Республика”, “Бир Бол”, “Реформа”, “Ата-Мекен” саясий партиялары премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду, вице-премьер-министрликке Тилек Токтогазиевди сунуштап жатышат. Бул тууралуу партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйында билдиришти.

“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова “Акыркы үмүт” меморандумун сунуштады. Өлкөдөгү абалды мыйзамдаштыруу жана турукташтыруу үчүн төрт партиянын лидерлери бул меморандумга кол койду.

Клара Сооронкулова: “Аталган 4 партия жаңы өкмөттү ишенимдүү мыйзамдаштыруу жана калыбына келтирүү боюнча аракеттерди бириктирүү чечимин кабыл алды. Бул максаттарга жетүү үчүн Өмүрбек Бабановду өкмөт башчылыкка, Тилек Токтогазиевди биринчи вице-премьер-министрлик кызматына көрсөтүүнү чечтик”, деп билдирди.
Премьер-министр кызматына талапкерлигин койгон Өмүрбек Бабанов: “4-октябрда адилеттүү шайлоо болбоду. Ошонун негизинде “Республика” партиясынын жаш мүчөсү, 19 жаштагы Үмүт деген балабыз шейит кетти. Биздин биригүүбүздүн себеби, биз эч кимге мамлекеттик бийликти басып алууга жол бербейбиз”, деди.
Тилек Токтогазиев өз сөзүндө: “Бул чечим баарыбызга оор болду. Мен жана Өмүрбек Токтогулович кийинки шайлоого катышпайбыз, -деди ал.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты