​Прогрессивдүү күчтөр люстрацияны талап кылышууда

  • 4 года мурун

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдына Садыр Жапаровдун премьер-министр болушуна жана бийликке кайрадан эски саясатчылардын келишине каршы болгон топ митингге чыкты.

“Кандай болгон күндө дагы биз мыйзам талаасына келишибиз керек. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын баарын чогултуп, элдин алдында жаңы өкмөт түзүлүшү керек. Жаңы өкмөттүн мүчөлөрү бир да саясий күчтөр менен байланышпаган, саясий бей тараптуу талапкер болушу керек” — деген пикирин “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.

Коопсуздук маселелери боюнча Өмүрбек Суваналиевдин талапкерлигин колдой тургандарын, Ички иштер министри Курсан Асанов экөөнү кызматын уланта турган болсо, өзүлөрүнүн партияларынан чыгып, шайлоо убагында да коопсуздукту көзөмөлдөп берүүсүн талап кылышты.

Башка саясий күчтөрдү, партияларды мамлекеттик кызмат орундарын, мамлекеттик органдарды басып алуудан баш тартуусун талап кылышууда.

Бул тууралуу Клара Сооронкулова: “Бир дагы партияга бир дагы мамлекеттик орундар таандык эмес. Жетекчилери кеткен күндө дагы мамлекетте стабилдүүлүк болуш үчүн орун басарлары мамлекеттик башкарууну камсыз кылыш керек”, — деген пикирин билдирди.

Саясий партияларды өзүлөрүнүн амбицияларын экинчи планга коюп, биригүүгө чакырышты. Мамлекетти жоготуп албаш үчүн, баардык күчтөр биригүү керек экендигин айтышты.

Ошондой эле кандайдыр бир күчтөрдүн жардамы менен абактан чыккандарды мыйзамдын негизинде акталганга чейин саясий процесстерге аралашып, саясий күчтөргө кошулбаш керектигин баса белгилешти.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чогулуп, 6-октябрга караган түнү Президенттин аппараты жана Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратты, УКМКны басып алып, камактагы саясатчыларды бошоткон. 6-октябрда саясий партиялардын Координациялык кеңеши түзүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты