​Ошто да митинг өтүп жатат. Асылбек Жээнбеков чыгып сүйлөдү (Видео)

  • 4 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда, Ош шаарында да митинг өтүүдө. Анда Жогорку Кеңештин депутаты, Президенттин иниси Асылбек Жээнбеков сүйлөп, Сооронбай Жээнбеков Бишкекте эле экенин, аны иштетпей коюшканын билдирди.

-Бүгүн мамлекетибиздин тарыхы жасалып жатат. Мамлекетибиз мыйзамдуу жол менен кетеби же революция , хаос дегендей, дагы эле өзүм билемдик, бизде Баш мыйзам бар. Өзүн сыйлаган мамлекет Баш мыйзам менен жашайт, Баш мыйзам менен өнүгөт.

Мына, кечээ, бул жерде шайлоо менен жүрдүк, саясат менен ишибиз ишибиз болгон жок. Район айылдарды кыдырып жүрдүк.

Шайлоо бүткөндө арам ойлорун даярдап турган.

Кечээги окуя эмнени көрсөттү? Мыйзамсыз жол менен биз эч качан барбашыбыз керек.

Конституцияны сыйлап, эл шайлаган органдар менен гана, башкаруу менен мамлекетибиз жашаш керек. Ал — Президентибиз, экинчи — Жогорку Кеңеш, мен бүгүнкү күндө депутатмын.

Мен каршымын, 10-15 миң киши көчөгө чыгып алып, көпчүлүктүн эркин тебелебей, мыйзамдуу жол менен чечиш керек., деди Асылбек Жээнбеков

Андан ары Асылбек Жээнбеков буларды кошумчалады:

-Биз эч качан элди түштүк-түндүккө бөлгөн эмеспиз. Эгер биримдикте болсок, мамлекетибизди сактап калабыз. Мен силерге ачык айтып коеюн, шайлоодон кийин мен Бишкекте боло элекмин. Мен Оштон чыккан жокмун. Келгиле, Кыргызстанды бөлбөйлү, бирге бололу. Мен бул жакта митинг болуп жатат деп келдим. Баары мыйзам чегинде болушу керек, бизде легитимдүү Президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт бар” деди Асылбек Жээнбеков.

Ошто митингге чыгышкандар «Таза шайлоо болгон жок!» деп кыйкырып турушту.

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор Ак үйдү басып алышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты