​Башкы прокурор: Шайлоо боюнча 25 иш катталган

  • 4 года мурун

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, интернет-ресурстарындагы билдирүүлөргө жана жарыяланган материалдарга мониторинг жүргүзүлүп, даттануулар менен кайрылуулар каралып жатат.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдиргендей, ЖМКлардагы жана интернет ресурстарындагы шайлоо боюнча 55 публикацияга мониторинг жүргүзүлгөн, алардын 26сы кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган, андагы 18 факты боюнча кылмыш тартибинде, ал эми жоруктар боюнча 8 фактыга сотко чейинки өндүрүш башталган.

Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбековдун бүгүн, 23-сентябрда, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен онлайн кеңешме өткөрүү учурунда айтылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты