Бишкекте окуу 6-февралга чейин онлайн өтөт

  • 3 месяца мурун

Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2-февралдан 6-февралга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругунун негизинде борбордун бардык мектепке чейинки жана муниципалдык билим берүү уюмдары онлайн окутууга өткөрүлгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү уюмдарына менчигинин түрүнө карабай, автономдуу эркиндик бере тургандыгын билдирди. Эгерде бөлмөдөгү жылуулук 18 градустан жогору болсо, анда окуу жайдын жетекчилиги өз алдынча чечим кабыл ала алат.

Ал эми балдар бакчалары азырынча иштебейт.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде авария болуп, беш киши жабыркады. Абалы оор эки жумушчу дарылануу үчүн Түркияга жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы эң ири бул жылуулук борбору 1960-жылдары курулган. Ал 812 миң квт электр энергиясын жана саатына 1294,2 Гкал жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60 пайызга жакынын тейлейт. Жалпысынан 15 отказан бар.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты