Кыргызстанда азык-түлүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча институт түзүлөт

  • 4 месяца мурун

Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын изилдөө институту түзүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан экинчи элдик курултайда билдирди.

Институт азык-түлүктүн абалын, өндүрүш, керектөө, резервдер жана тамак-аш азыктарынын жеткиликтүүлүгүн изилдөө менен алектенип, тиешелүү сунуштар менен болжолдоолорду иштеп чыгат.

«Бүгүнкү күндөгүдөй өткөөл учурда инновацияларды киргизүү менен калктын жашоо-турмуш шартын жогорулатуу максатында коомдун муктаждыктарына жооп берүү зарыл. Элдин жашоо-турмушун жакшыртууда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселеси турат. Биринчи кезекте бул багыттагы саясат азык-түлүк булактарын диверсификациялоого жана социалдык маанилүү товарлардын ички өндүрүшүн көбөйтүүгө багытталат. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча атайын Изилдөө институту түзүлөт» деди президент.

Бүгүн, 15-декабрда, Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда өтүп жаткан  экинчи элдик курултай өтүп жатат.

Президент өткөн курултайда айтылгандардын  кандай аткарылгандыгына токтолуп өттү.  

“Бул 3 182 иштин 358и аткарылды. 2200ү аткарылып жатат. 523ү өз убагында аткарылган эмес. Аткарууда турган иштер толугу менен ишке ашырылат. Бир катар маселелерди чечүүгө убакыт талап кылынууда” деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров аялдарга жана балдарга жасалып жаткан зомбулук туурасында да сөз козгоду.

«Тилекке каршы, аялдарга жана балдарга карата зомбулук дүйнөдөгү көптөгөн коомдор туш болгон көйгөй болуп баратат. Бизде, Кыргызстанда да ушундай терс көрүнүштөр бар. Бул чектен чыккан көрүнүш, кабыл алынгыс жагдай! Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам же мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголушу кажет! Эзелтен эле энени, аялзатын урматтоо кыргыз элинин өзгөчөлүгү, маданий жана социалдык нормаларынын маанилүү бөлүгү болуп келген, мындан ары дагы болуп калышы керек! Адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, улуу муунга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессияга жана ырайымсыздыкка эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Аларды жектөө гана болот» деп баса белгиледи президент.

Бишкекте өтүп жаткан экинчи элдик курултайга Кыргызстандын аймактарынан, этностук өкүлчүлүктөрдөн жана чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан шайланган 700 делегаттын 695и катышууда. Курултай 16-декабрга чейин созулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты