Сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын доо арызын канааттандырды

  • 4 года мурун

Бүгүн, 9-августта, Бишкек шаардык административдик соту «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын БШКнын шайлоого каттабай койгон чечими боюнча доосун канааттандырды.

Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Анар Эгембердиева сот чечими менен тааныштырды.

-«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылсын. БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылып, жокко чыгарылсын».

Эми «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын талапкерлерин БШК шайлоого каттоо чечимин күтүү керек.

Боршайком 3-сентябрда шайлоого 15 саясий партияны талапкер катары каттаган. Боршайкомдун чечими менен «Актив» жана «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиялары шайлоого катышуу укугунан ажыратылган.

«Бүтүн Кыргызстан» БШКнын чечимин «саясий чечим» деп баалап, сотко кайрылган.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылы 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты