​“Бүтүн Кыргызстан” партиясы БШК чечиминин үстүнөн сотко кайрылат

  • 4 года мурун

БШКнын чечими менен шайлоодон четтетилип калган “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров, партиядан талапкерлер Исхак Масалиев, Өмүрбек Суваналиев, Ишенбай Кадырбеков журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, БШК чечимин сотко берээрин билдиришти.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров БШКнын партиянын талапкерлерин каттабоо боюнча чечиминин үстүнөн сотко кайрыларын билдирди.

-Шайлоого катышабыз деген үмүтүбүз чоң. Жогорку сотко кайрылабыз. БШК таратылбаган токтомго добуш беришти. БШК жумушчу тобунун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын документтери жайында деген кагазы турат,- деди Адаүан Мадумаров

Андан ары партия лидери буларды кошумчалады:
.
-Кыргызстанда мыйзам жолу менен, Конституция жолу менен бир маселе чечилет деп айтууга такыр мүмкүн эмес. Мени «соңку романтик» деп айтып жүрүшчү. Эми ал романтика бүттү. Эгер эл укугун коргоп, көчөгө чыкса, мен алардын алдында болом. .

Өмүрбек Суваналиев мындагы макссат «Бүтүн Кыргызстан» партиясын шайлоодон четтетүү, саясий чечим болгондугун белгиледи.

-Бул “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын айланасында болуп жаткандар, Бакир уулунун учуру- бул жөн гана шылтоо. Максат “Бүтүн Кыргызстан” партиясын шайлоодон чечеттетиш керек болгон. Эгер сот бийликтин таламын талашса, биз укугубузду коргойбуз”, -деди Суваналиев.

3-сентябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын парламенттин депутаттыгына талапкерлеринин тизмесин каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алган

БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова 17:53тө партияны каттоого алуу тууралуу чечимдин долбоору жазылганын, бирок саат 18:45тен 20:00гө чейинки танаписте долбоор өзгөрүп калганын айткан.

БШК 2-сентябрдагы жыйынында Турсунбай Бакир уулунун “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоодон өткөрбөө тууралуу арызын карап, аны канааттандырган эмес. БШК Турсунбай Бакир уулуна сотко кайрылууга сунуш берген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты