​COVID-19: Кыргызстанда — аза күтүү күнү

  • 4 года мурун

Бүгүн, 30-июлда, Кыргызстанда COVID-19 дартынан каза тапкандарды эскерүү, аза күтүү күнү деп жарыяланды. Өлкөдө COVID-19 инфекциясынан 1347 киши көз жумду.

2020-жылдын 11-мартында дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялады.

Кыргызстанда да пандемия оор жоготууга алып келди. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 29-июлдагы эсеп боюнча 1347ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Бул күнү Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты