​30-июль- Кыргызстанда аза күтүү деп жарыяланды

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасында 2020-жылдын 30-июлун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

2020-жылдын 11-мартында дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялады.

Кыргызстанда да пандемия оор жоготууга алып келди. COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны — 1301 ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

«Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар жүзөгө ашырылсын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу ылдый түшүрүлсүн.

Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын» деп айтылат токтомдо.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты