​COVID-19: 668 учуру катталды. 18 бейтап каза тапты, 1047 киши айыкты

  • 4 года мурун

29-июлда берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 668 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 118;
Ош – 80;
Чүй облусу – 82;
Ош облусу – 50;

Талас облусу – 24;
Нарын облусу – 15;
Ысык-Көл облусу – 157;
Жалал-Абад облусу – 115;
Баткен облусу — 27.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирли.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 34 512 ге жетти.

1047 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 23 343кө жетти.

Бир сутка ичинде 18 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1347ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты