COVID-19: 521 учуру катталды, жетөө каза тапты. Пневмониядан 41 бейтап көз жумду

  • 4 года мурун

16-июлга карата бир суткада COVID-19 инфекциясынын 521 учуру катталды, жетөө каза тапты. Пневмониядан 41 бейтап каза тапты.

Анын ичинен:

Бишкек шаары – 273;
Чүй облусу – 74;
Ош шаары – 38;
Ош облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 43;
Баткен облусу – 39;
Ысык-Көл облусу – 30;
Талас облусу – 81.

Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны — 12 498.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 75 бейтап. Республика боюнча жалпысынан 3735 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Мындан сырткары үйдө изоляцияда дарыланып жаткан жарандардын арасынан бир сутка ичинде 243, жалпысынан 1897 киши айыкты.

Жалпысынан республика боюнча айыккандардын саны — 5632 кишини түздү.

Өткөн сутка ичинде 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду.

Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен Бишкекте 21 киши.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 киши.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты