​Кыргызстанга 321 млн доллар грант жана насыя түшкөн. Дагы жарымы түшө элек

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев сырттан келген грант жана жеңилдетилген каражат боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күнгө карата макулдашылган $627 млн финансы каражатынан 51%ы же $321 млн келип түштү, ал эми калган суммасы азырынча түшө элек.

Алардын ичинен $166 млн өлкөнүн бюджетине грант катары түшсө, $461 млн – жеңилдетилген насыялоо шартында келүүдө.

Бул тууралуу вице-премьер-министри Эркин Асрандиев.

Анын айтымында, чыгашалардын эки негизги багыты бар – бул бюджет чыгымдарын жабуу жана коронавируска каршы күрөшүү.
$171 млн айлык акы төлөөгө жана ММКФны трансферлерине багытталган. Бул сумманын 80%ы корголгон беренелерди каржылоого жумшалды.
Дүйнөлүк банктын $2,2 млн медицина каражаттарын сатып алууга колдонулду. Бардык тендерлер Дүйнөлүк банктын көзөмөлү алдында жана алардын макулдугу менен өткөрүлүүдө.
$3 млн дан сатып алууга жумшалган.
$1,3 млн өзгөчө абал режими учурунда гумжардам көрсөтүүгө сарпталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты