​Профессор Мария Нанаева 93 жашында дүйнөдөн өттү

  • 4 года мурун

26-июнда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген илимий ишмери, эмгек сиңирген врач, медицина илимдеринин доктору, профессор Мария Токтогуловна Нанаева 93 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышты.

Мария Токтогуловна Нанаева 1927-жылы 22-ноябрда Талас облусунда туулган. 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктап, Н.Пирогов атындагы экинчи Москва мамлекеттик медициналык институтка аспирантурага жөнөтүлгөн.

1952-жылы М. Нанаева кандидаттык диссертациясын жактайт.

Аспирантураны аяктаган жаш адис катары, Мария Токтогуловна 1954-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтка жумушка чакырылат. Ошол күндөн тартып Мария Токтогуловнанын ишмердиги институт менен ажырагыс байланышта болду.

1955-1960-жылдары Мария Нанаева – КММИде алгач фармакология кафедрасынын ассистенти, андан соң доцент кызматтарын аркалады.

1961-жылдан 1997-жылга чейин, 36 жыл КММИнин фармакология кафедрасына жетекчилик кылды. Анын эмгеги жогору бааланып, 2007-жылы КММАнын базистик жана клиникалык фармакология кафедрасына анын аты ыйгарылган.

Кыргызстандын бийик тоолуу фармакологиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп саналат. Новатордук изилдөөлөр доктордук диссертация катары жалпыланып, 1974-жылы ийгиликтүү жакталган.

Мария Токтогулованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, орду толгус кайгыларын тең бөлүшөөрүбүздү билдиребиз

Мария Нанаеванын жаркын элеси мекендештеринин, жакындарынын жана досторунун элесинде түбөлүккө кала бермекчи.

Некрологго А. Исмаилова, М. Мамакеев, М. Мамытов, Д. Эсеналиев, Т. Темиралиев, К. Исаков, С. Абдикаримов, У. Кочкоров, М. Мураталиев, М. Жуматаев, С. Жумабеков, И. Кудайбергенова, Д. Кудаяров, А. Зурдинов, У. Тилекеева, А. Зарифьян, И .Ашымов кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты