Чолпонбек Сыдыкбаев: “Бул чакырылыш эң алсыз, уятка калган парламент болду” (ВИДЕО)

Видео

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө жаңы өкмөт, саясий күчтөрдүн биригүүсү, саясий партиялардын убадалары сыяктуу темалардын айланасында кеп кылабыз.

«Сереп» берүүсүнүн мейманы - политолог Чолпонбек Сыдыкбаев.

- Кыргызстанда дагы бир өкмөт алмашты. Коомчулукта бул өкмөт шайлоону өткөрүп берүү үчүн гана куралган техникалык өкмөт болот деген пикирлер айтылып жатат. Сиз буга кошуласызбы?

- Мындай пикирлерге, албетте, кошулса болот. Себеби шайлоого аз убакыт калды. Жакында Жогорку Кеңеш каникулга тарап, ошону менен бул чакырылыштын миссиясы аяктап, андан ары шайлоого аттанышат.

Октябрь айындагы шайлоону жылдыруу жөнүндө да сөз болуп жатат. Бирок ал антиконституциялык чечим болуп калат деп эсептейм. Анткени бийликтин бир бутагында боштук болбош керек.

Ушундай шартта жаңы өкмөттүн негизги миссиясынын бири-ушул саясий өнөктүктү татыктуу өткөрүү милдети жүктөлгөн. Албетте, өкмөттүн башка маселелери, көйгөйлөрү деле жетиштүү. Бирок ошолордун негизгилери шайлоону абийирдүү, татыктуу өткөрүү милдети бар, аны жокко чыгарууга болбойт.

- Кубатбек Боронов баштаган өкмөт бизге таза шайлоону камсыздап бере алабы?

- Бороновдун саясий фигурасын тандоодо дагы бийлик же болбосо Президент анын токтоолугуна, кандайдыр саясий оюндарга азгырылбай, интригаларга аралаша бербегендигине басым жасады деп эсептейм. Ал эми шайлоону татыктуу өткөрүп бере алабы, бул - убакыттын маселеси.

Себеби, өлкөдө социалдык-экономикалык абал өтө оор, пандемияга байланышкан маселе да күндөн-күнгө татаалдашып бара жатат.

"Коомчулуктун ЖКнын азыркы чакырылышына берген баасы туура"

- Жогорку Кеңештин кезектеги чакырылышына коомчулуктун нааразычылыгы күч болуп турат. Сиз алардын ишкердүүлүгүнө кандай баа берер элеңиз?

- Баа берилип жатат, коомчулукта деле, социалдык тармактарда деле. Эгемендүүлүктү алгандан берки Жогорку Кеңеш арасынан эң алсыз, уятка калган парламент болду деп. Мында толук негиз бар, аны көрүп эле атабыз, эң негизгиси - элдин үмүтү акталган жок.

Негизи убада берүү жагынан биздин парламент, бийлик аябай март келет. Бирок убаданын аткарылышына келгенде, анчалык жоопкерчилик жок.

“Убадабыздын 20 пайызын да аткара албай калдык, эми биздин кайра шайлоолорго аттанууга моралдык укугубуз барбы” дебей эле, кайра эле шайлоого аттанып атышат. Бул - жакшы көрүнүш эмес.

Негизи элдин үмүтү социалдык-экономикалык маселелердин чечилиши, ал дароо эле чечилип кетпейт, бирок ошого жол чабылып, башталыштар болсо болмок. Тилекке каршы, андай эмес.

Коомчулуктун Жогорку Кеңешке берген “3“, “2” дегендей баасы татыктуу эле. Ушул Жогорку Кеңештин парламентке барууга моралдык укугу деле жок, бирок алар барышат.

- Бул чакырылыштагы депутаттар эмнеси менен эсте калат?

- Бул - Президент Атамбаев алып келген парламент, курамына да ал киши жоопкерчиликтүү болчу. Бирок бийлик алмашып, саясатта өзгөрүү башталары менен, адаттагыдай эле, кыргыз саясатына мүнөздүү болуп калды, андан жүз буруп, керек болсо мурдагы президентти айланчыктап, “анын атын Түндүк-Түштүк жолуна коюш керек, улут атасы” деп жүргөн аттуу-баштуу саясатчылар, түлкүдөй эле жүз буруп, азыркы Президенттин этегине намаз окуп калышты. Бул аябай терс көрүнүш болду.

Андан тышкары мөңгүлөрдү иштетүүгө уруксат кылган мыйзамдарга уруксат беришти, эл аралык, трансулуттук корпорациялардын кызыкчылыгына иштеп беришти.

- Мисалы, кандай кызыкчылыктарга?

- Кумтөр, кен иштетүү маселелерине келгенде, айрым эл аралык геосаясий оюндар, артында күчтөр турган долбоорлорду колдоп берүүдө, анын мамлекетке пайдасы кандай, келишим кандай түзүлүп жатат, ага маани деле берилбей, колдоп жатышты. Бир аз бөлүгү гана принципиалдуу позициясында турду, бирок алар аз санда.

"Кайнаса каны кошулбаган партиялар биригүүдө"

- Ушул чакырылыштагы татыксыз депутаттарды эл шайлабай кое алабы?

- Мажоритардык шайлоо системасы болсо, конкреттүү депутат элге, округдарга бармак. Партиялык системанын табияты ушундай экен, алар партия тизмесине кирип бара жатышат. Мындай шартта алдыдагы “паровоз” же партия лидери коом алдына чыгат, арттагы тизмеде кимдер бара жатканы белгисиз болууда. Элдин тандоосуна кыйыныраак, себеби биздин саясий партияларда идеологиялык принцип жок болуп жатат.

- Бир катар партиялар биригип жатат...

- Мисалы, жакында эле “Ата Мекен” партиясы менен “ЛДПК партиясы “Жаңы дем” деген күч менен барабыз дешти. Жанар Акаев жетектеген партия – либералдык-демократиялык партия, “Ата Мекен” - социалисттик партия. Булар идеологиялык жактан, образдуу айтканда, “кайнаса каны кошулбаган” багытта, бирок биригишти. Ушундай биригүүлөр болуп келе жатат, идеологиялык принцип сакталбай. Бул -“бара көрөбүз” деген мамиле.

Ушундай ар түркүн күчтөр бириккен партиялар парламентке барганда дагы, “Ак куу, чаян жана рак” чыгармасындай туш-тушка тартып, бир максат, бир программаны алып чыга албай, үчөө үч тарапка кетип, же программадан жок, же жыйынтыктан жок болуп келе жатпайбы. Мурунку чакырылышта да ушундай болгон.

Байкасаңыз, биригүүнүн терс жактары да көп болуп жатат. Биригүүлөр чайлашып, мамилелешип соодалашуу бүтүмү ишке ашса эле болду, биригип кетип жатышат, принципиалдуу маселелер калып жатат.

- Алдыда шайлоого чейин дагы кандай биригүүлөр болушу мүмкүн?

- Мурунку шайлоого караганда саясатчылар кичине саясий реалдуулукка жакыныраак боло баштады. Ушул эле биригүүнүн жакшы жактары да бар да. Буга чейин белгилүү саясатчыларга биригүүгө амбиция - дымак жол берчү эмес. “Ал биздин партияга келсин, биз барбайбыз” деп. Же биригип алып да, позициясын такташа албай, шайлоого старт берилер алдында, ажырашып тынышчу.

Бул кыргыз саясатына мүнөздүү көрүнүш болуп калды. Алдыда дагы биригүүлөр болот. Бул - саясий реалдуулукка, саясий картина, процесстерге, шайлоого саясатчылар реалдуу карай баштаганынын белгиси. Алдыда дагы биригүүлөр болот. Ошол айрым күчтөрдүн биригүүлөрү тагдыр чечер болуп калышы мүмкүн. Азыр коом ушундай абалда турат, таяныч, ишеним жарата турган саясий күчтү издеп жаткандай туюлат.

Эл 2005-жылы, 2010-жыл өзгөрүүлөрдү күткөн, ошол үмүткө суу себилгендей болду, алдана берип, эч кимге ишенбей калган адамдай абалда. Андай күчтөр канчалык деңгээлде көтөргөн демилгесине, идеясына, идеологиясына туруп берет, бул чоң суроо.

"Дагы эле сапатсыз парламент келсе, сапатсыз өкмөт түптөлөт"

- Биригүүлөрдүн жаңы үмүт, көз караш күтсө болот экен да?

- Мамлекет келчү жерге келип калбадыкпы, жарга такалып, экономикада, социалдык чөйрөдө, бир жагынан дүйнөнү каптаган илдет, Кыргызстанды жакшы эле жарга такады.

Парламент десе эле, аткаруу, мыйзам чыгаруу бутагы болуп калбайт экен. Парламентаризм принциптери менен жашап жатканыбызга дээрлик он жыл болуп калды, сапатсыз парламент келсе, сапатсыз өкмөт түптөлөт, андан кайра эле мамлекет, коом жабыр тартат. “Кыргызстанда калууга болбой калды, кетиш керек деп кетип жаткандар, “чемодандагы” маанайда тургандар бар, нааразылык болуп көрбөгөндөй чекте, мындан ары өзгөрүү, үмүт жараткан кыймылдар болушу керек.

Дагы эле ушундай парламент келип, дагы эле ушундай өкмөт куралса, анын арты мамлекет үчүн жакшы болбой турган абалга жакындап бара жатат.

- “Ата Мекен” партиясы бийликке оппозиция болорун жарыялады. Алар оппозиция боло албайт деген пикирлер бар. Бул боюнча оюңуз кандай?

- Эки күч, эки партиянын кошулуп кетиши бийликтин чийген картасын бузуп койгон өңдүү. Ошол Жанар Акаев жаңы партия биринчи съездин жарыяларда бийликтин батасын алып чыкты дешет. Бирок бийлик аларды “Ата Мекен” менен бир барат деп ойлогон эмес.

"Көздөн учкан көк жээк"

- Жогорку Кеңештеги партиялар эл алдындагы убадаларын канчалык деңгээлде аткарды? Кийинки шайлоодо кайсы партиялардын кайра шайланып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар?

-Бийликтин партиясы жеңет деген стереотип калыптанып калган да. Азыр деле ММК, эксперттер, айтып жатышат, бийликтин көзү түз “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” келет, олигархтардын “Кыргызстан” партиясы келет деп айтышат, бирок “Чапкан сайын көз чыкпайт” деп кыргыздар айтат.

Өлкөдө абал ушундай болсо, буга чейинки парламенттин интеллектуалдык, саясий деңгээли тигиндей болсо, бул мамлекеттин жогорку бийлигинин жоопкерчилиги бар да, реформанын “р” тамгасын да көрө албай келе жатабыз, биз үчүн “көздөн учкан көк жээк” болду. Бийлик ойлогондой боло бербейт да, өзгөчө Кыргызстандын шартында. Бийлик өзүнүн көзү түз, лоялдуу саясатчылардан турган партияларды танкадай түртүп, саясий аренага алып чыгып койсо, элде такыр башка реакция болчудай.

Эпидемияга байланыштуу үгүт иштерин ММКда эле жүргүзгөн оң

- Келаткан шайлоодо деле добуш сатылат деген пикирлер бар. Элдин саясий маданиятын, добуш берүү маданиятын кантип калыптандырууга болот?

- Коомдо чоң өзгөрүүлөрдү айрым учурда масса, көп учурларда активдүү азчылык жасайт. Аң-сезимди бурууда массалык маалымат каражаттары азыр чоң роль ойноп калды. Анан шайлоо процесси, агитация башталганда, ага ыңгайлуу да мезгил болуп жатат, айыл-айылды аралатып партияга, ар бир үйдүн эшигин кагып, агитатор жалдап... Ошондо эле баягы балакеттин баары-- соодалашуу, акчага азгырылып кетмей башталат, материалдык жактан кыйналып турган элде каражат таап алайын, иштеп калыш керек деген маанай бар экен.

Ушуну кан буугандай токтотуш үчүн эпидемияга байланыштуу агитация иштерин массалык маалымат каражаттарында эле, лидерлердин, саясий партиялардын жаштар канатынын лидерлеринин дебаты, анан тизмедеги активисттердин дебаты менен эле чек коюп салса. Ар бир айылга штаб ачып, ар бир үйгө эшик каккылагандарга тыюу салып. Анан добуш сатуу, соодалашуу болбойт, саясий чечимге барып койсо жакшы жыйынтык чыгар эле. Массалык маалымат каражаттарында идеология, ошол саясатчылардын жолун талдап, жыйынтык болор эле.

Маекти алып барган Айгүл Бакеева

Сүрөт жана видео: "ПолитКлиника".

ЖаңылыктарПолитКлиникаСерепЧолпонбек СыдыкбаевАйгүл Бакеева