​Жогорку Кеңеш өкмөттүн программасын жана курамын бекитти

  • 4 года мурун

Бүгүн, 17-июнда, Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Өкмөтүнүн программасынын долбоору, түзүмү жана курамы менен депутаттарды премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер Кубатбек Боронов тааныштырды.

Өкмөт курамында өзгөрүүлөр бар экендигине токтолуп, биринчи вице-премьер-министрлик кызмат ордуна Алмазбек Баатырбеков, маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагалыгына Алтынбек Исмаилов, аппарат жетекчилигине Таалайбек Темиралиев көрсөтүлүп жаткандыгын кошумчалады. Өкмөттүн негизги курамы мурдагыдай калган.

Талкуу маалында депутаттар социалдык-экономикалык, ошондой эле чек ара маселелерин чечүүгө токтолушту. Андан тышкары, COVID-19 пандемиясына каршы күрөшкө жана илдеттен улам жаралган экономикалык каатчылыкка байланышкан көйгөйлөр көтөрүлдү. Айрыкча, пандемия маалында иш алып барган укук коргоо жана медицина кызматкерлерине өз убагында маяна жана кошумча төлөмдөрүн берүү тууралуу сөз болду. Муну менен катар инвестиция тартуу, экономикалык өнүгүүнү жана каржылык туруктуулукту камсыздоо, аймактарды өнүктүрүү, билим берүү жана медициналык кызматтардын сапатын жогорулатуу маселелери да айтылды.

Премьер-министрлик кызмат ордуна талапкер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңеш депутаттарынын суроолоруна жооп берип, айтылган сунуш-пикирлер Өкмөттүн мындан аркы ишмердүүлүгүндө эске алынарын белгиледи.

Мурдагы премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев радиожыштык ресурстарын узартуу жана кайра каттоо боюнча кылмыш ишинин алкагында анын дарегине айыптоолор айылгандыгына байланыштуу отставкага кеткен. Андан соң парламенттик көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылык кызмат ордуна Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөткөн. Ал буга чейин биринчи вице — премьер — министр кызматын аркалап келген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты