COVID-19: 78 кишиден аныкталды. Бардыгы 2285ке жетти
- 4 года мурун
14-июндагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада коронавирустун 78 учуру аныкталды.
Анын ичинен:
Бишкек шаарында – 50;
Чүй облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 2;
Нарын облусу — 3;
Жалал-Абад облусу — 5;
Талас облусу — 5.
Республика боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 2285 болду.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
69 бейтап, айыгып, ооруканадан чыгарылды. Айыгып чыккан бейтаптардын жалпы саны 1791 болду.
Муну бөлүшүү