Оренбургдан 448 кыргызстандык жолго чыкты

  • 4 года мурун

Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда турган Кыргыз Республикасынын 448 жараны Кыргызстанга келүү үчүн Россия-Казакстан чек арасынан өтүштү.

Россия Кыргызстан элчилиги Оренбургдагы ардактуу консулу менен биргеликте Россиянын жергиликтүү бийлик органдырынын кызматташуусу менен биздин жарандарды Бузулук районунан чек арадагы «Сагарчын – автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктуна чейин алып келүү маселесин иштеп чыгышкан.

Казакстандагы Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери тарабынан кыргызстандыктарды КР өкмөтү камсыздаган 9 автобуска отургузду. алар Казак жол полициясынын коштоосунда бирдиктүү колонна болуп казак-кыргыз мамлекеттик чек арасы көздөй бет алышты.

КР тышкы иштер министрлиги дагы бир ирет Россияда жүргөн кыргызстандыктарды Оренбург облусуна барбоого чакырат. Себеби Россия-Казакстан мамлекеттик чек арасы дагы эле жабык бойдон калууда.

20-майда «Тез жет» авиакомапаниясынын Оренбург-Бишкек чартердик каттамы менен Кыргызстандын 164 жараны келген.

Буга чейин Оренбург облусунда кыргызстандыктардын келе албай, пандемиядан улам кыйналып, талааларда түнөөгө аргасыз болуп келишкен.

Иллстрациялык сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты