​Жыштык сатуу боюнча беш киши кармалды

  • 4 года мурун

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатуудагы коррупциялык ишке шектүү катары беш киши камакка алынды.

Бул тууралуу аскер прокурору Нуркамал Набиев Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берүү учурунда билдирди.

Өкмөттөгү айрым жогорку кызмат адамдары да сурак берип жатат.

ЖМКдагы айрым маалыматтарга караганда, жыштык сатуу маселеси боюнча Ala TV каналынын директорунун орун басары, УКМКнын эки кызматкери, байланыш агенттигинин мурдагы башчысы Наталья Черногубова, анын орун басары камалган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 20-майда парламенттин жалпы жыйынында жыштык сатуу боюнча дээрлик 5 млрд сом мамлекеттик бюджетке түшпөй калганы жана бул коррупциялык иште премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катыштыгы жок экенин далилдесин деп билдирди.

Өкмөт депутат Жанарбек Акаевдин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин байланыш чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларга тиешеси бар деген билдирүүсү негизсиз деп маалымат тараткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты