​Карамушкина башкы прокурордун отставкасын талап кылды

Жаңылыктар

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун отставкасын талап кылды.

Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны колдогон КСДПнын мүчөлөрүнө карата "саясий буйрутма аткарып жатат" деп башкы прокурорду сынга алды. Депутаттарды ага ишеним көрсөтпөөгө чакырды.

«2019-жыл Кыргызстандын тарыхында жарандардын эркиндигин чектеген кара так катары кирет. Азыр саясий оппоненттерди соттоп жатышат. Башкы прокуратуранын саясий буйрутманы аткарышынан ушундай болуп жатат» деди ал.

Карамушкина тандама көзөмөл болуп, жарандардын укуктары, мыйзам бузулуп жатат деген негизде Жамшитовдун отставкасын талап кылды.

Өткүрбек Жамшитов Ирина Карамушкина өзгөчө оор кылмышка шектүү экенин эскертти.

- Сиздин сурооңузга жооп берейинби же жокпу деп атам. Сиз шектүү адамсыз. Сотто ишиңиз каралып жатат. Мыйзамга ылайык шектенүү тууралуу кабарлоону мен сизге бергенмин. Ошондуктан сиз тараптан айтылган сынды туура кабыл алам.

Бул жерде эч кандай саясий буйрутма жок. Жөнөкөй кылмышты ар кандай боек берип айтканыңар туура эмес. Мыйзамды угуп, убагында келип койсо ушунун баары болмок эмес.

Мыйзамды сыйлабай, "каалаганымды кылам" дегендин айынан "Альфанын" кызматкери каза болуп, канча адам ыйлап отурат. Сиздин жана башка шектүүлөрдүн кылмыштары материалдар менен далилденген. Күнөөңөрдү далилдөөгө толук даярбыз, - деди Жамшитов.

2019-жылы 7-8-августта УКМК жана ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында "суракка келбей жатат" деген негизде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, УКМКнын тергөө абагына камалган. Ал эми президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев менен Равшан Жээнбеков, УКМКнын кызматкери Канат Сагымбаев жана башка бир нече киши №1 тергөө абагында кармалып турушат.

Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодураңова, Ирина Карамушкина жана КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча 14 киши кылмышка шектелип жатат. Дагы беш киши тергөө менен кызматташуу келишимин түзгөндөктөн, алардын иши өзүнчө өндүрөшкө алынган.


ЖаңылыктарКыргызстанИрина Карамушкинабашкы прокурорталап кылууотставка